Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин кезексиз V сессиясы XXVII- чакырылыш
2017-жылдын 15-марты №7
Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Бабатаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезексиз 5- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Бабатаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Джанкулов Джуматайдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кызыл-Жар шаарчасындагы Карл Маркс көчөсү «Джанкулов Джуматай» атындагы көчө деп өзгөртүлүп аталсын.
3. Жаңы ысым ыйгарылган көчөгө жазуу белгилерин даярдап илүү жагы шаардык муниципалдык менчик департаментине жана Кызыл-Жар аймактык башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Мындан ары ушул токтомго ылайык ар кандай нормативдик актыларды жана башка каттоо иштерин жүргүзүү шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнө (М.Батырканов), ЗАГС бөлүмүнө (М.Кулмырзаева), паспорт жана виза кызматына (Т.Султанмуратов), шаардык архитектурага (К.Дозалиева), мамлекеттик наториалдык конторага (Г,Юлдашева), социалдык фондко (М.Жанабулов), «Кыргыз почтасы» мамл.ишканасына (К.Кыдыралиев) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзадуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Джумашев А.А. |