Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча сунушун депутаттар карап талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин кирешеси 426750 сом болуп ал эми чыгаша бөлүгү 426750 сом болуп бекитилип төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
-154800 сом жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысына
-246950 сом жайыттардын инфра түзүмүнө жумшалсын
- 25000 сом сапар чыгымдарына жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |