Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №4
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Чоң-Алай айыл аймагындагы дыйкандардын талаптардын канааттандыруу максатында Чоң-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы агрардык машина трактордук станциясы» муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары түзүлсүн:
2. «Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы агрардык машина трактордук станциясы» муниципалдык ишканасынын уставы иштеп чыгарылып, Чоң-Алай айыл өкмөтү тарабынан бекитилсин.
3. «Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы агрардык машина трактордук станциясы» муниципалдык ишканасынын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Чоң-Алай айыл өкмөтү жүргүзөөрү белгиленсин.
4. Чоң-Алай айыл өкмөтү
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин
- «Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы агрардык машина трактордук станциясы» муниципалдык ишканасын юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
- «Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы агрардык машина трактордук станциясы» муниципалдык ишканасынын ишин ушул токтомдон келип чыккан материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоонун маселелерин чечси
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичке жүктөлсүн. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |