Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №5
ЖӨБЭММАнын 2016-жылдын 27-январындагы №01-24-17 буйругуна ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Айкындуулук паспорт жөнүндө жобосун бекитип берүү сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин «Айкындуулук паспорту жөнүндө жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго Айкындуулук паспорт жөнүндө жобонун негизинде иш алып бару жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |
«Бекитилди»
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2017-жылдын
17-мартындагы 4-сессиясынын кезексиз
отурумунун № 5 токтому.Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы____Н.Маматназаров
АЙКЫНДУУЛУК ПАСПОРТУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигигинин (мындан ары – Агенттик) тарабынан уюштурулган “Айкындуулук паспорту” (мындан ары – паспорт) Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын “Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин жарандык коомдун кылдат байкоого алуусу алдында жүзөгө ашырууга тийиш. Жарандык коом менен өз ара тыгыз иш алып барууну күчөтүү, жарандарды жана алардын бирикмелерин макулдашылган чечимдерди такуулап, кабыл алууга тартуу, коомчулука өз иши тууралуу дайыма маалымат берип туруу, мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иш багытынын ажырагыс элементинен болуп калууга тийиш” экендиги камтылган жобонун талабын жүзөгө ашыруу максатында иштлеип чыккан.
2. Паспорт – бул, ушул Паспортту иштеп чыгуунун укуктук негизин түптөгөн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына актыларынын жана Агенттиктин локалдык актыларынын талаптарына негизденген көрсөткүчтөр топтомунун жардамы аркасында айыл өкмөттөрүнүн ишмердигинде ачык-айкындуулук, отчет берип туруу жана акыйкаттык принциптеринин негизинде иш алып баргандыктарын аныктоонун инструменти болуп саналат.
3. Паспорт - айыл аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиктеринин натыйжалуулугун жогорулатууну, ачык-айкындуукту камсыз кылууну жана жергиликтүү жамаат менен өз ара кызматташууну чыңдоону көздөйт жана төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга;
- жамаат мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колунда болгон маалыматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөт башчыларынын отчет берүү жоопкерчилигин күчөтүүгө жана отчетторду өркүндөтүүгө;
- жамаат мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын ишине катышуу укугун жүзөгө ашырууга;
- акыйкат башкарууну камсыз кылууга;
- коррупцияга бөгөт коюуга.
4. Паспорт алууга билдирмелер (мындан ары – билдирме) ушул жобого кошо тиркелген аныкталган формада, жылдын бардык мезгилинде айыл өкмөттөрү тарабынан берилет.
5. Комиссия ар бир календардык жылдын март жана сентябрь айларында айыл өкмөттөрүнөн келип түшкөн билдирмелерди кароого алып, алардын айкындуулук паспортун алууга татыктуулугу же татыктуу эметиги тууралуу корутунду чыгарат.
Комиссиянын чечими агенттиктин буйругу менен бекитилет. Айкындуулук, отчет берип туруу жана акыйкаттуулук принциптерин так сактагандыгын тастыктай алган айыл өкмөттөрүнө “Айкындуулук паспорттору” тапшырылат.
6. Айкындуулук паспортторунун ээси болгон айыл өкмөтүнүн аброюн бекемдөө максатында, алардын алгылыктуу ишмердиктери жалпыга маалымдоо каражаттарында ар тараптан кеңири чагылдырылып, алар тууралуу борбордук мамлекеттик органдарга (Экономика министрлигине, Финансы министрлигине), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана эл аралык уюмдарга маалымдалат.
Паспортко ээ болгон айыл өмөттөрү жана алардын кызмат адамдары агенттиктин сыйлыктарына ээ болушуп, башка сыйлыктарга да көрсөтүлүшөт. Ошондой эле, республикалык бюджеттен гранттарды бөлүштүрүүдө аларга артыкчылык берүү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга (Финансы министилиги, РМА) сунушталат.