Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу №2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №377- токтомунун негизинде Савай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу баскан жер аянттарына болгон салыктын төлөмдөрүнөн бошотуу жагы акттын негизинде райондук салык, социалдык фонд башкармалыктарынан суралсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундардын жеке турак жай алуу жөнүндө арыз даттануулары көп болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 377- токтомунун негизинде трансформация болуп берилбей калган жер аянты бөлүштүрүлүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мамашов |