Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу №5
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Савай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда маркумду узатуу күнүндө ашыкча чыгым коротпоо максатында ийри мүйүздүү мал жана жылкы союуга тыюу салынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында маркумду узатуу күнүндө ийри мүйүздүү мал жана жылкы союуну көзөмөл кылуу айыл башчыларына жана райондук ички иштер бөлүмүнүн Савай айыл өкмөтүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнө милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык Кеёешинин Мамлекеттик тил, маданият, дин жана каада салт боюнча иуруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мамашов |