САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин кезектеги V -сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 28-июлу №6
Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода дүкөндөрүндө спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Савай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода сатык дүкөндөрүндө спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында спирт ичимдиктерин сатылуусун көзөмөл кылуу айыл башчыларына жана райондук ички иштер бөлүмүнүн Савай айыл өкмөтүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мамашов |