Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү Шаардык Кеӊешинин III Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 10-февралы №10
Сүлүктү шаарынын калктуу конуштардагы таштандыларды тазалоо жыйымынын өлчөмү боюнча шаардык мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын 26-декабрь 2016-жылкы №033/16/09/2349 каты жөнүндө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Салык эмес төлөмдөр” жөнүндөгү №231 Мыйзамынын 12-1-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардагы таштандыларды тазалоо жыйымынын өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин:
-юридикалык тараптар үчүн - 100 сом
-жеке ишкерлер үчүн – 100 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Азизбеков |