Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү Шаардык Кеӊешинин III Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 10-февралы №11
Сүлүктү шаардык мэриянын алдындагы “Турак жай фондусун менчиктештирүү, турак жайды болуштурүү, муниципиалдык мүлктү ижарага берүү жана муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү” боюнча бирдиктүү комиссиянын курамы жөнүндө шаардык мэриянын 3-февраль 2017-жылкы №02-10/01-147 сунушун, шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын, депутаттык фракциялардын жетекчилеринин сунуштарын угуп жана талкуулап муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шартары жөнүндө шаардык кенештин 2012-жылдын 17-январындагы №135 токтому менен бекитилген Жобонун 3/7 пунктунун, 2015-жылдын 27-октябрындагы №105, №107, №110 токтомдору менен бекитилген Жоболордун талаптарын жетекчиликке алып депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2016-жылдын 17-февралындагы XX сессиясынын №128 токтому жокко чыгарылсын.
2. Турак жай фондусун менчиктештирүү, турак жайды болуштурүү, муниципиалдык мүлктү ижарага берүү жана муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү” боюнча бирдиктүү комиссиянын курамы бекитилсин:
1. Ташев Б.Э.- шаардын I-вице мэри, комиссиянын төрагасы.
2. Джумабаева К. -шаардык кеӊештин депутаты
3. Джуманова М.С.- шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы.
4.Мусульманова Р.Р. -шаардык мэриянын алдындагы муниципиалдык менчик бөлүмүнүн башкы адиси.
5. Исраилов А.П.-Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башкы адиси.
6. Мадаминов К. - шаардык кенештин депутаты.
7. Эшмурзаева З.Э. – ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы
8. Салямов К.- жеке ишкер, коомдук өзүн өзү башкаруу аймагынын башчысы.
9. Осмонова И.Г. -шаардык мэриянын башкы адиси-юристи.
10. Эргашев Б.Б. -“Сулукту тазалык” МИнын директору.
11. Ибрагимова А. -Кошбулак поселкалкасынын аймактык башкаруусунун башкы адиси.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице мэри Б. Ташевден талап кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Азизбеков |