Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү Шаардык Кеӊешинин III Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 20-февралы №13
Кыргыз Республикасынын Администациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 534-1 статьясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгу” Мыйзамынын жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндө Типтүү Жобонун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүлүктү шаардык жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндө Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн
3. Токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрүү шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент жана жергиликтуу сыйлыктар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Азизбеков |
Депутаттардын Сүлүктү шаардык
кеӊешинин (алтынчы чакырылыш)
III сессиясынын 20-февраль 2017ж. №13
токтомуна тиркеме
Сулукту шаардык жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын алдында тузулгон администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндө
ЖОБО
1. Ушул Жобо шаардык жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиянын макамын, курамын түзүү жана иштөө тартибин, анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
2. Шаардык мэритянын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн шаардык мэриянын алдында түзүлүүчү, туруктуу иштөөчү коллегиялык орган болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 534-1-беренесине ылайык Комиссия администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын ачык жыйналыштарында кароого ыйгарым укуктуу болот, ошондой эле администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу.
4. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди өз убагында жана калыс кароо, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу Комиссиянын негизги максаты болуп саналат.
5. Комиссиянын милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
-шаардык кенештин аймагында администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык, жеке жактарга, ошондой эле кызмат адамдарына карата администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу;
- администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
-администрациялык укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептер менен шарттарды табуу жана четтетүү.
6. Өз ишинде Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Материалды кароонун натыйжалары боюнча Комиссия тиешелүү токтом, аныктама чыгарып, ал эми администрациялык укук бузуунун себептери жана анын жасалышына көмөктөшүүчү шарттар белгиленгенде менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге жана тиешелүү кызмат адамдарына көрсөтүлгөн себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө талапкат киргизет.
7. Комиссия укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюунун практикасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды жыл сайын даярдайт.
8.Комиссиянын өзүнүн аталышы бар бланктары болот жана шаардык мэриянын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча Комиссия жөнүндө жобонун негизинде аракеттенет.
2. Комиссияны түзүүнүн тартиби жана курамы
9. Комиссия коллегиялуу орган болуп саналып, ал Комиссиянын төрагасынан, төрагасынын орун басарынан, жооптуу катчысынан жана мүчөлөрүнөн турат.
10. Комиссия жөнүндө жобо шаардык кенештин сессиясында, анын сандык жана жеке курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы-мэрдин чечими менен бекитилет.
11. Комиссиянын сандык курамы жетиден кем эмес жана он бир адамдан ашык болушу мүмкүн эмес. Комиссиянын сандык курамы так сандан турууга тийиш.
12. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия, кенеш) башчыларынын орун басарлары, шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ички иштер органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле коомдук бирикмелердин, уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү кириши мүмкүн.
13. Тиешелүү администрациялык аймактык бирликтин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган, 21 жашка толгон, орто кесиптик же жогорку билими бар жана өз макулдугун жазуу жүзүндө билдирген Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү болушу мүмкүн.
14. Соттун чечими менен жөндөмсүз, же жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылган, мыйзам менен белгиленген тартипте алып салынбаган, же тындырылбаган соттуулугу бар адам, ошондой эле ушул Жобонун 14-пунктунун талаптарына жооп бербеген адам Комиссиянын мүчөсү болушу мүмкүн эмес.
15. Комиссия 4 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
16. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал бекитилген күндөн тартып башталат жана ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурларды эске албаганда жаңы курамдагы комиссиянын иши башталган учурдан тартып токтотулат.
17. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы -мэр тарабынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
-комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
-комиссиянын мүчөсүнө карата соттун күнөөлөө өкүмү күчүнө киргенде;
-комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен жөндөмсүз, жөндөмдүүлүгү чектелүү дайынсыз жоголгон, же өлгөн деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын аткарышына тоскоолдук келтирген оорусу болгондо;
-комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам комиссиянын мүчөсүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын жаманатты кылган жосунду жасаганда;
-комиссиянын мүчөсү каза болгондо;
- Кыргыз Республикасынан же шаардын чегинен сырткары туруктуу жашоого кеткен учурда;
-жарандыктан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраган, же болбосо башка жарандыкты алган;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
18. Өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон комиссиянын мүчөсүнүн ордуна комиссиянын жаңы мүчөсү мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө бекитилет.
19. Комиссиянын ыйгарым укуктары комиссиянын жаңы курамынын түзүлүшүнө, же комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу токтотулат.
20. Комиссиянын ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы-мэр тарабынан мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
- өз ишин ыктыярдуу мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добуштары менен кабыл алынган чечимге ылайык;
- ага ылайык администрациялык комиссия администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого тиешелүү ыйгарым укуктарынан ажыраган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенде;
- өз ыйгарым укуктарын аткарбаган учурда, же тиешелүү түрдө аткарбаганда;
- комиссия тарабынан ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу максатка ылайыксыз, же мүмкүн эмес болгондо.
21. Комиссиянын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы -мэр тартат.
22. Комиссиянын жаңы курамы мурдагы курамдын комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып жана мурдагы курам мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып 15 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ыйгарым укуктары
23. Комиссиялар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 534-1-беренесине ылайык жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 90, 92, 93, 185, 186, 193-беренелерине, 285-беренесинин 1-бөлүгүндө, 286-288-беренелеринде, 289-беренесинин 1-бөлүгүндө, 290-296, 298, 299, 301-303-беренелеринде, 304-беренесинин 1-бөлүгүндө, 305-беренесинин 1-бөлүгүндө, 306, 307, 309, 310, 320, 326, 353, 348, 455, 456, 462, 467, 472,487, 487-1, 487-3, 487-4, 488-491, 494, 496-беренелеринде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
24. Комиссия чечимдерди кабыл алууда процесстик өз алдынчалуулукка ээ. Алар тарабынан кабыл алынган чечимдер жарандар, кызматтык жана юридикалык жактар тарабынан аткарууга милдеттүү болот. Анын чечимдерине карата белгиленген мыйзам чегинде арыздануулар жана карама-каршылыктар болушу мүмкүн.
25. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Комиссия төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди (протоколдорду) жана башка материалдарды кароонун Администрациялык жоопкерчилиги жөнүндө кодексинин 534-1-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык администрациялык жаза чараларды салууга;
- ведомстволорго караштуу аймактагы администрациялык укук бузууларды табууга жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга;
- аларды кароо жана алар боюнча чараларды көрүү Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган администрациялык укук бузуулардын фактылары (белгилери) боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын кароого;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын жана талапкаттардын аткарылышын камсыз кылууга;
- администрациялык укук бузуулардын жасалышына көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды белгилегенде тиешелүү ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана кызмат адамдарына ал себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүүнүн кечиктирилгистиги жөнүндө талапкаттарды киргизүүгө, алардын аткарылышын талап кылууга;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча соттук жана башка органдар, уюмдар менен өз аракеттенүүнү камсыз кылууга;
- ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди кароого.
26. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларды табуу максатында көчмө жыйналыштарды өткөрүүгө, анын ичинде укук бузуучунун иштеген, окуган же жашаган жери боюнча түздөн-түз өткөрүүгө;
- мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде табылган администрациялык укук бузуулардын фактылары боюнча протоколдорду түзүүгө;
- каралып жаткан укук бузууларда жазык кылмышынын белгилери табылганда материалдарды прокуратура органдарына, тергөө же териштирүү органдарына өткөрүп берүүгө;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын соттук органдарына доо менен кайрылууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерден жана уюмдардан администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматты, сурап-билүү материалдарын, түшүндүрмөлөрдү суратып алууга;
- өз ишине эксперт жана консультанттар катары илимий, коомдук жана башка уюмдардын адистерин, укук коргоо органдарынын жана аксакалдар сотунун өкүлдөрүн чакыртууга, тартууга.
27. Администрациялык укук бузган күнөөлүү жарандарга, кызматтык жана юридикалык тараптарга Комиссия администрациялык жаза чараларынын төмөнкү түрлөрүн салат:
- эскертүү;
- администрациялык айып акы;
- иштин белгилүү бир түрүндө иштөө лицензиясынан (уруксаттан) ажыратуу;
- иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, обьектинин алгачкы абалын калыбына келтирүү, обьектти же анын бир бөлүгүн бузуу (монтажын ажыратуу);
- администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз обьекти болуп саналган буюмду конфискациялоо;
- коомдук жумуштарга тартуу.
28. Жасалган администрациялык укук бузуу өтө маанилүү болбогон учурда Комиссия администрациялык укук бузууну жасаган адамды администрациялык укук бузуудан бошотушу жана оозеки эскертүү берүү менен чектелиши мүмкүн.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн функциялык милдеттери
29. Комиссиянын ишин анын төрагасы, төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы уюштурат.
30. Комиссиянын мүчөлөрү администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо жана комиссиянын ишинин алкагында төмөнкү тең укуктарга ээ болот:
-Комиссиянын жыйналыштарын даярдоого катышат;
-Комиссиянын жыйналышы башталганга чейин Комиссиянын кароосуна киргизилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдар (иштер) менен алдын ала таанышат;
-иштин жагдайларын кошумча тактоо зарыл болгондо администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө сунушту Комиссиянын төрагасына киргизүүгө укуктуу;
-Комиссиянын жыйналышына чечүүчү добуш укугу менен катышат;
-администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга суроолорду берүүгө укуктуу;
-администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин изилдөөгө катышат;
-администрациялык укук бузуулар жөнүндө каралып жаткан иштер боюнча Комиссия тарабынан кабыл алынуучу токтомдорду, аныктамаларды жана талапкаттарды талкуулоого катышат;
-администрациялык укук бузуулар жөнүндө каралып жаткан иштер боюнча токтомдорду, талапкаттарды жана аныктамаларды кабыл алууда добуш берүүгө катышат;
-жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактайт;
-ведомстволук караштуулуктагы аймакта администрациялык укук бузууларды табууга катышат жана администрациялык укук бузуунун окуясы болгондугун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтар болгондо администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт;
-ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерди аткарат.
31. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:
-Комиссиянын ишин пландаштырат, уюштурат жана ага жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
-Комиссиянын жыйналышынын датасын жана убактысын дайындайт;
-Комиссиянын жыйналышынын күн тартибин бекитет;
-Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылат;
-Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, Комиссиянын жыйналышында кабыл алынган аныктамаларга, токтомдорго, талапкаттарга, ошондой эле Комиссиянын иши үчүн зарыл болгон башка документтерге кол коет;
-өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттенет жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мэрия, кенеш), кызмат адамдары жана жарандар менен мамилелерде анын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат;
-Комиссиянын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
-Комиссиянын төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы тарабынан өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткарышын контролдойт;
-ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерди аткарат.
32. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:
-администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого карата алдын ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-ал убактылуу болбогон мезгилде Комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарат;
-ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерди аткарат.
33. Комиссиянын жооптуу катчысы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:
-өз ишин Комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат;
-администрациялык укук бузуулар жөнүндө жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн арыздарды кабыл алат жана каттайт, аларды Комиссиянын кароосуна киргизет;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан келип түшкөн администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду кабыл алат жана каттайт жана аларды Комиссиянын кароосуна киргизет;
-администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдарды (иштерди) Комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону камсыз кылат;
-каралып жаткан администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча Комиссия тарабынан кабыл алынган токтомдордун, аныктамалардын жана талапкаттардын долбоорлорун Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
-Комиссиянын мүчөлөрүнө жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарлайт, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдарды менен тааныштырат;
-Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүү жана жол-жоболоштуруу менен аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан белгилүү мөөнөттөрдө чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын жана талапкаттардын көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга тапшырууну, же болбосо жиберүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын жана талакаттардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- айып акылар түрүндө өндүрүлгөн акчалай каражаттардын келип түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;
- Комиссиянын ишинин чөйрөсүндө статистикалык эсепти жүргүзөт;
- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүнү жана анын иштеринин сакталышын камсыз кылат;
- Комиссиянын төрагасы берген ишеним каттын негизинде соттук жана башка органдарда анын өкүлү болуп саналат;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун практикасын иликтейт жана жалпылайт;
- Комиссиянын ишин жөнгө салуучу ченемдик укук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- Комиссиянын иши менен байланышкан маалыматтык-сурап-билүүчүлүк ишти жүргүзөт;
- Комиссиянын ишинин чөйрөсүндөгү отчеттуулуктун белгиленген түрлөрүн даярдоону камсыз кылат;
- ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерди аткарат.
Жооптуу катчы убактылуу болбогон мезгилде анын кызматтык милдеттерин Комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жүзөгө ашырат.
34. Комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, жооптуу катчысы же мүчөсү администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого төмөнкү учурларда укуксуз, эгерде алар:
-жоопкерчиликке тартылган адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочунун же өкүлдүн туугандары болуп саналса;
-ишти чечүүгө жеке, тике же кыйыр кызыкдар болсо.
5. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш
35. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш ачылды, ал эми ал боюнча өндүрүш башталды деп эсептелет.
36. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш анын аякташына тоскоолдук кылуучу төмөнкү негиздердин бири болгондо токтотулат:
-администрациялык жоопкерчиликке тартылууга жаткан адамдын жүргөн жери белгиленбегенде;
-администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам психикалык же башка катуу оруу менен ооруп калганда;
-администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш аяктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана берилгендерди алуунун мөөнөтүнө таасир көрсөтүүчү жагдайлар болгондо.
37. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө Комиссия токтом чыгарат. Комиссия Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотууга чейин администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам жок учурунда мүмкүн болгон бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттүү.
38. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу ал үчүн негиздер жок болгондон кийин Комиссиянын токтому менен кайрадан жаңыртылат. Иш боюнча өндүрүштү кайрадан жаңыртуу жөнүндө администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу жактарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө маалымдалат.
39. Төмөнкү жагдайлар болгондо администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш токтотулууга жатат:
-администрациялык укук бузуунун окуясы болбогондо;
-администрациялык укук бузуунун курамы болбогондо;
-администрациялык укук бузуу жасаган учурда адам 16 жаш курагына толбогондо;
-укукка каршы аракет же аракетсиздик жасаган адамдын акыл-эси соо эмес болгондо;
-адам аргасыз зарылдык же зарыл коргонуу абалында аракеттенгенде;
-эгерде ал администрациялык жаза чара колдонууну четтетсе, мунапыс актысы чыкканда;
-администрациялык жоопкерчиликти белгилөөчү акт жокко чыгарылганда;
-администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти караган учурга карата Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 46-беренесинде каралган эскирүү мөөнөтү бүткөндө;
-администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамга карата ошол эле факт боюнча соттун же органдын (кызмат адамынын) администрациялык жаза чара салуу жөнүндө же болбосо администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти токтотуу тууралуу жокко чыгарылбаган токтому болгондо;
-ага карата иш боюнча өндүрүш башталган жана жүргүзүлүп жаткан адам каза болгондо;
-администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылуучу жеке адамга карата ошол эле факт боюнча жазык иши болгондо.
6. Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан укук бузууларды процесстик жол-жоболоштуруу (протокол түзүү)
40. Комиссиянын мүчөлөрү администрациялык укук бузуу жасалган жерге барууга жана төмөнкү себептердин бири болгондо администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду (№1 тиркеме) түзүүгө укуктуу:
-Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан администрациялык укук бузуунун окуясы болгондугун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтар түздөн-түз табылганда;
-укук коргоо органдарынын, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, администрациялык укук бузуунун окуясы бар экендигин көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган материалдар келип түшкөндө;
-жеке жана юридикалык жактардын кабарларында жана билдирүүлөрүндө, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүндө (анын ичинде интернетте) администрациялык укук бузуунун окуясынын бар экендигин көрсөтүүчү маалыматтар камтылган учурда.
41. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол аларды кароо тиешелүү Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган ушул жобонун 24-чү, 25-пунктарында гана каралган укук бузуулар табылганда Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан түзүлөт.
42. Протокол эки нускада (түп нускаларда) түзүлүп, биринчи нуска укук бузуучуга берилип, экинчиси Комиссиянын мүчөлөрүндө калат.
43. Протокол төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
-түзүүнүн датасын жана ордун;
-протокол түзгөн адамдын кызматын, аты-жөнүн, кызматтык ырастамасынын номерин;
-жоопкерчиликке тартылып жаткан адам жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, үйүнүн дареги жана телефон номери) ;
-жасалган администрациялык укук бузуунун түрү, күнү, орду;
-бул укук бузуу үчүн жоопкерчилик караган ченемдик- укуктук актыга шилтеме;
-күбөлөрдүн (зарыл болгондо) аты-жөнү жана дареги.
44. Протоколго аны түзгөн кызмат адамы, укук бузуучу жана күбө (зарыл болгондо) кол коет. Укук бузган адам (же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлү) протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ага бул жөнүндө жазуу жазылат. Укук бузган адам (же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлү) протоколго тиркелүүчү протоколдун маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү жана сын-пикирлерди берүүгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартуусунун жүйөлөрүн баяндоого укуктуу.
45. Укук бузуу жасаган адамдын протоколго кол коюудан баш тартуусу ага администрациялык жаза чарасын салуудан бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
46. Юридикалык жак тарабынан жасалган укук бузуу жөнүндө протоколду түзүүдө юридикалык жактын (ишкананын, уюмдун, мекеменин) так аталышы, анын дареги милдеттүү тартипте көрсөтүлүүгө тийиш.
47. Юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлү катары өздөрүнө мыйзамдарда, уставда же жободо берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенүүчү алардын жетекчилери (орун басарлары) же уюмдун башка кызматкерлери – юридикалык жактын өкүлдөрү чыгат.
48. Протокол түзүүдө укук бузуучуга Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 570-беренесинде каралган анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, бул жөнүндө протоколго белги жасалат. Протоколдун көчүрмөсү администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылуучу адамга кол койдуруп тапшырылат же жиберилет.
49. Протокол бир сутканын ичинде каттоо жана Комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн Комиссиянын төрагасына же анын орун басарына жиберилет.
7. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштерди кароо
50. Өз ишин Комиссиянын ишинин планынын негизинде жүзөгө ашырат. Комиссиянын жыйналыштары администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуучу мезгилдүүлүк менен өткөрүлөт.
51. Эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, Комиссиянын жыйналышы укуктуу болуп саналат.
52. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколу жана иштин башка материалдары Комиссияга келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.
53. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүчтөр келип түшкөн учурларда же болбосо иштин жагдайларын кошумча тактоо зарыл болгондо ишти кароонун мөөнөтү Комиссия тарабынан узартылышы, бирок он күндөн ашык эмес узартылышы мүмкүн.
54. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш Комиссия тарабынан ага ыйгарым укуктуу кызмат адамы, Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 556-1-беренесине ылайык түзүлгөн протоколдун негизинде каралат.
55. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш ар бир иштин өз убагында, ар тараптуу, толук жана калыс такталышына, анын учурдагы мыйзамдарга так ылайык чечилишине, чыгарылган токтомдун аткарылышын камсыз кылууга негизденет.
56. Жарандар, юридикалык жактардын өкүлдөрү, кызматтык жана мыйзам боюнча аларга теңештирилген адамдар Комиссия тарабынан ишти кароонун датасы, убактысы жана орду жөнүндө Комиссиянын жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин үч күндөн кеч эмес мурда маалымдалат.
57. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо Комиссия төмөнкү маселелерди тактайт:
-бул ишти кароо Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык экендигин;
-ушул Жобонун 36-пунктунда каралган бул ишти кароонун мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жагдайлардын бар экендигин;
-администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдун жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексте каралган башка протоколдордун туура түзүлгөндүгүн, ошондой эле ишти башка материалдары жол-жоболоштурулгандыгын;
-ушул Жобонун 41-пунктунда каралган иш боюнча өндүрүштү болтурбоочу жагдайлардын бар экендигин;
-иш боюнча аны маңызы боюнча кароо үчүн болгон материалдардын жетиштүүлүгүн;
-өтүнүчтөрдүн же четке кагуулардын бар экендигин.
58. Мындан кийин Комиссия төмөнкү чечимди кабыл алат:
1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;
2) адамдарды чакыртуу, зарыл болгондо иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды суратып алуу, экспертиза дайындоо жөнүндө;
3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;
4) протоколду түзгөн органга, кызмат адамына, Комиссиянын мүчөлөрүнө, протокол жана иштин башка материалдарын ыйгарым укугу жок адамдар тарабынан түзүлгөн, протокол туура эмес түзүлгөн жана иштин башка материалдары туура эмес жол-жоболоштурулган же болбосо ишти кароодо толукталышы мүмкүн болбогон берилген материалдар толук эмес болгон учурларда администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;
5) эгерде бул ишти кароо Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык эмес болсо, администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын ведомстволук караштуулугу боюнча кароого өткөрүп берүү жөнүндө;
6) ушул Жобонун 41-пунктунда каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү токтотуу жөнүндө.
59. Ушул Жобонун 59-пунктунун 1-5 пунктчалары менен каралган Комиссиянын чечимдери аныктама түрүндө чыгарылат.
60. Ушул Жобонун 59-пунктунун 6 пунктчасында каралган Комиссиянын чечими токтом түрүндө чыгарылат.
61. Жарандарга, юридикалык жактардын өкүлдөрүнө, кызматтык жана мыйзам боюнча аларга теңештирилген адамдарга иштин Комиссия тарабынан каралышынын датасы, убактысы жана орду жөнүндө Комиссиянын жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин үч күн калгандан кеч эмес милдеттүү түрдө маалымдалат.
62. Иш администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын катышуусунда каралат. Ага иштин бардык материалдары менен таанышуу, далилдерди берүү, өтүнүчтөрдү жана баш тартууларды билдирүү, коргоочунун юридикалык жардамынан пайдалануу укугу, ошондой эле Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске ылайык башка процесстик укуктар камсыз кылынат.
63. Аларга өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарлангандыгы жана алар тарабынан ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө өтүнүч болбогон же болбосо, эгерде мындай өтүнүч канааттандырылбастан калтырылган учурда, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам (юридикалык жактын өкүлү) Комиссиянын жыйналышына келбеген учурда Комиссия ишти ал жокто кароого укуктуу.
64. Зарыл учурларда Комиссия адамды алып келүү жөнүндө аныктама чыгарат. Эгерде анын катышуусу ишти кароодо милдеттүү болуп саналса, ал Комиссиянын чакыруусу боюнча келүүдөн качкан учурда мажбурлап алып келүүгө дуушар болушу мүмкүн.
65. Алып келүү администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан Комиссиянын аныктамасынын негизинде ички иштер органы (милиция) тарабынан жүргүзүлөт.
66. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого киришип жатып, Комиссия:
1) ишти ким карарын, кайсы иш каралууга жаткандыгын, ким жана кайсыл мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылып жаткандыгын жарыялайт;
2) администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жеке жактын же жеке жактын мыйзамдуу өкүлүнүн же болбосо юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка адамдардын келгендигин ырастайт;
3) иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын инсанын белгилейт жана жеке же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочунун жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет;
4) иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын келбегендигинин себептерин тактайт жана ишти көрсөтүлгөн адамдар жокто кароо жөнүндө же болбосо кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алат;
5) зарыл учурларда ишти кароодо анын катышуучусу милдеттүү болгон адамды алып келүү жөнүндө аныктама чыгарат;
6) ишти кароого катышуучу адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
7) билдирилген четке кагууларды жана өтүнүчтөрдү чечет;
8) администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду, ал эми зарыл болгондо иштин башка материалдарын угуза окуйт.
67. Ишти кароодо ага карата иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жактын түшүндүрмөлөрүн, иш боюнча өндүрүшкө катышып жаткан башка адамдардын көрсөтүүлөрүн, зарыл болсо адистердин түшүндүрмөлөрүн жана эксперттин корутундусун угат, башка далилдер изилденет.
68. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароодо Комиссия администрациялык укук бузуу жасалгандыгын, ал адам аны жасоодо күнөөлүү экендигин, ал администрациялык жоопкерчиликке тартылууга жатаарын, жоопкерчиликти жумшартуучу жана оордотуучу жагдайлардын бар экендигин, материалдык зыян келтирилгендигин, администрациялык укук бузуу жөнүндө материалдарды жашаган, иштеген жана окуган жери боюнча аксакалдар сотторунун кароосуна өткөрүп берүү үчүн негиздер бар экендигин тактоого, ошондой эле ишти туура чечүү үчүн мааниси бар башка жагдайларды тактоого милдеттүү.
69. Комиссиянын жыйналышында ишти кароодо протокол түзүү милдеттүү болот, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ишти кароонун датасы жана орду;
2) ишти карап жаткан Комиссиянын курамынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) кайсы маселе каралып жаткандыгы;
4) ишти кароого катышуучу адамдардын келгендиги жөнүндө маалыматтар;
5) четке кагуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;
6) ишти кароого катышуучу тиешелүү адамдардын түшүндүрмөлөрү, көрсөтүүлөрү түшүнүктөрү жана корутундулары;
7) ишти кароодо изилденген документтер.
70. Протоколго Комиссиянын жыйналышында төрагалык кылуучу жана жооптуу катчы кол коет.
71. Комиссиянын токтому жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
72. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, Комиссия төмөнкү токтомдордун бирин чыгарат:
1) администрациялык жаза чарасын салуу жөнүндө (№ 2 тиркеме);
2) ишти токтотуу жөнүндө;
3) бул администрациялык укук бузуу үчүн башка түрдөгү же өлчөмдөгү айыпты салууга ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) өткөрүп берүү жөнүндө.
73. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго төрагалык кылуучу жана жооптуу катчы кол коет.
74. Токтомдун мазмуну төмөндөгүлөрдү камтышы керек: токтомду чыгарган Комиссиянын аталышын, ишти кароонун датасын, иши каралып жаткан адам жөнүндө маалыматтарды, ишти кароодо белгиленген жагдайлардын баяндамасы, ал администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган ченемдик актыга көрсөтүү, иш боюнча кабыл алынган чечим.
75. Эгерде администрациялык ишти кароодо зыяндын ордун толтуруу менен администрациялык жаза чара салуу каралса, Комиссия Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 48-беренесине ылайык күнөөлүү тарабынан келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу менен администрациялык ишти кароо үчүн ишти соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат.
76. Ишти токтотуу жөнүндө токтом оозеки сын-пикир жарыялоодо, жашаган, иштеген жана окуган жери боюнча аксакал сотторунун же болбосо тергөө же териштирүү органынын кароосуна материалдарды берүүдө, ошондой эле ушул жобонун 41-пунктунда каралган жагдайлар болгондо чыгарылат.
77. Токтом ишти кароо аяктагандан кийин токтоосуз жарыяланат.
78.Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата токтом чыгарылган адамга, ошондой эле анын өтүнүчү боюнча жабырлануучуга тапшырылат же жиберилет.
79. Токтомдун көчүрмөсү тилкат алуу менен тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жиберилсе, ишке бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
80. Ишти карап жаткан Комиссия администрациялык укук бузуулардын жасалышына көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды белгилөөдө тиешелүү ишканага, мекемеге, уюмга жана кызмат адамдарына ал себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чаралар көрүүнүн кийинкиге калтырылбастыгы жөнүндө талапкат чыгарат. Көрсөтүлгөн уюмдар жана адамдар талапкат келген күндөн тартып он күндүн ичинде талапкат чыгарган Комиссияга көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарлоого милдеттүү болот.
8. Администрациялык жаза чараларын салуу жөнүндө токтомдун аткарылышы
81. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча Комиссиянын токтому кызматтык жана юридикалык жактар, жарандар жана алардын бирикмелери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.
82. Эгерде ал сотко даттанылбаса, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом он күндөн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
83. Токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же администрациялык жаза чарасын салуу жөнүндө токтом жаранга жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
84. Даттануу берүү администрациялык жаза чара салуу жөнүндө токтомдун аткарылышын даттануу сот тарабынан каралганга чейин токтотулат.
85. Алардын айынан администрациялык жаза чара салуу жөнүндө токтомду белгиленген мөөнөттө аткаруу мүмкүн болбогон жагдайлар болгондо Комиссия анын аткарылышын бир айга чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырышы мүмкүн.
86. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын материалдык абалын эске алуу менен администрациялык айып акыны төлөө Комиссия тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырышы мүмкүн.
87. Эскертүү түрүндөгү администрациялык жаза чара салуу жөнүндө токтом чыгарган Комиссия тарабынан токтомдун көчүрмөсүн укук бузуучуга тапшыруу же жиберүү жолу менен аткарылат.
88. Айып акы салуу жөнүндө токтом укук бузуучу тарабынан өзүнө ал токтом тапшырылган күндөн тартып бир айдан кеч эмес, ал эми токтомго даттануу болгон учурда даттанууну же токтомду канааттандырбастан калтыруу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып он беш күндөн кеч эмес аткарылууга тийиш.
89. Администрациялык укук бузуу жасагандык үчүн салынган үчүн укук бузуучу тарабынан банк же Кыргыз Республикасынын почта байланышынын улуттук операторунун мекемесине нак акча же нак акчасыз төлөмдөр түрүндө салынат.
90. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча айып акыны төлөө тууралуу дүмүрчөк Комиссияга көрсөтүлүп, дүмүрчөктүн көчүрмөсү администрациялык укук бузуу жөнүндө иштин материалдарына кошо тиркелет.
91. Комиссия тарабынан салынган администрациялык укук бузуу үчүн айып акылардын суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге которулат.
92. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам тарабынан айып акыны белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда Комиссия Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 615 жана 616-беренелеринде каралган администрациялык айып акы салуу тууралуу токтомду мажбурлап аткартуу боюнча чараларды көрөт.
93. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн соттук аткаруучуга жиберилгенде Комиссиянын жооптуу катчысы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналына тиешелүү жазуу жазат.
94. Ал боюнча айып акыны өндүрүп алуу толугу менен жүргүзүлгөн айып акы салуу жөнүндө токтом аткарылгандыгы жөнүндө белгиси менен Комиссияга кайтарып берилет.
95. Администрациялык жаза чара салуу жөнүндө токтом чыгарган Комиссия токтомдун аткарылышын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 608-беренесинде каралган учурларда токтотот.
9. Комиссияда иш кагаздар жүргүзүү
96. Комиссияда иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылып, ал анын абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
97. Эсепке алуу журналынын сакталышы, аларга жазылуучу маалыматтардын өз убагындалыгы жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти комиссиянын жооптуу катчысы тартат.
98. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына бардыгы зарыл документтерди жиберүүнү Комиссиянын жооптуу катчысы жүргүзөт.
99. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча маалымдамалар ишти (№ 3 тиркеме) кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилүүгө тийиш.
Жиберилген маалымдама даректелгенге тапшырылбаган учурларда Комиссиянын жооптуу катчысы аны тапшырбоонун себептерин токтоосуз тактоого, бул жөнүндө Комиссиянын төрагасына айтууга жана анын көрсөтүүсү боюнча маалымдаманы өз убагында тапшырууну камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын жыйналышына келбеген адамдардын маалымдамаларынын бланкынын айрып алма бөлүгү ишке кошо көктөлөт.
100. Укук бузуучуга карата Комиссия тарабынан администрациялык айып акы салуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда Комиссиянын жооптуу катчысы укук бузуучуга анда банктын аталышын, эсептешүү эсебин, ошондой эле ал боюнча укук бузуучу жоопкерчиликке тартылган беренени жана айып салган Комиссияны көрсөтүү менен № 3 тиркемеге ылайык форма боюнча айрып алма дүмүрчөгү менен токтомдун көчүрмөсүн тапшырат.
101. Комиссиянын жооптуу катчысы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди топтоп, аларга хронологиялык тартипте төмөнкүлөр кошо көктөлөт:
-администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол жана иш боюнча башка материалдар;
-алардын келип түшүү тартибинде жыйналыштын жүрүшүндө ишке бардык кошо тиркелген документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган Комиссиянын жыйналышынын протоколу;
-ишти кароонун натыйжалары боюнча жыйналышка чыгарылган аныктамалар, токтомдор, көрсөтүү каттары.
Бардык документтер делого алардын тексти толук көрүнүп тургандай көктөлөт.
102. Комиссиялар тарабынан каралуучу бардык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер эсепке алынууга жатат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштин номери өзүнө каттоо журналы жана келип түшкөн жыл боюнча иштин иреттик номерин камтыйт.
103. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары ар бир айлык негизде администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо тууралуу маалыматтарды Комиссиялар менен салыштырып тактоону жүргүзөт.
104. Комиссия ар бир айда Комиссия тарабынан салынган айып акыларды төлөө катары келип түшкөн акча каражаттарын казыначылыктын шаардык бөлүмү менен салыштырып тактоону жүргүзөт.
105. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, ошондой эле Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 546-5 – 546-8-беренелеринде белгиленген тартипте Комиссиялар салынган администрациялык жаза чаралар жана администрациялык укук бузууларды жасаган адамдар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу, тутумдаштыруу жана сактоо максатында, чыгарылган эскертүүлөрдү албаганда, салынган администрациялык жаза чаралардын маалыматтарынын электрондук базасын жүргүзөт.
106. Маалыматтардын электрондук базасынан тышкары Комиссия төмөнкү эсепке алуу журналдарын жүргүзүүгө милдеттүү:
-администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналын;
-аларга карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ачылган адамдарга жиберилген маалымдамаларды эсепке алуу журналын (№ 4 тиркеме).
107. Журналдарга номер коюлууга, көктөлүүгө, мөөр басылууга тийиш, журналдардагы бардык жазуулар даана, көк же кызгылт көк түстөгү сырлар (пасталар) менен жазылат.
108. Журналдардын сактоо мөөнөтү 3 жыл. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоонун мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар тизмеленип архивге өткөрүп берилет.
109. Эсепке алуу журналдары ички пайдалануу документтери болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды албаганда, Комиссиянын төрагасынын уруксаты жок уюмдарга, жеке же кызмат адамдарына берилиши мүмкүн эмес.
Жооптуу катчы | М.Джураева |
: