Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү Шаардык Кеӊешинин V Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 29-июну №25
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-2019-2020 жылдарга долбоору жөнүндө
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-2019-2020-жылдарга долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 14-июнь 2017-ж №93 катын угуп (кат тиркелет) депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” 95-беренесинин жана “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүлүктү шаарынын 2018-2019-2020 жылдарга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин долбоору жактырылсын. (Долбоор тиркелет)
2. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага Т.Азизбеков