Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык Кеңешинин кезексиз 6 сессиясы ( XXVII- чакырылыш )
2017-жылдын 25-марты №06
Жумгал айыл аймагына караштуу Лама айылынын тургундарынын жана Лама орто мектебинин башчысы Карыбек у Нурланбектин Лама орто мектебинин жанына кошумча мектеп куруу боюнча жер бөлүп берүүсу жөнүндө Жумгал айылдык Кенешинин депутаттарына жазган кайрылуусун карап, талкуулап ошол кайрылуунун канаттандыруу максатында Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жумгал айыл амагына караштуу Лама орто мектебинин эски 2- корпусу авариялык абалда болгондугуна байланыштуу, 2- корпус бузулуп, ордуна жаны мектептин корпусун салуу үчүн берилсин.
2. Лама орто мектебинин жанынан, мектептин өзүнө тиешелүү жеринен кошумча мектептин корпусун салуу үчүн 0,79 сотых жер бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып, айыл өкмөтү тарабына чечим чыгарып берүү жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Капарбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Айтбаев |
: