Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин кезектеги 8 сессиясы ( XXVII- чакырылыш )
2017-жылдын 11-апрели №08
Жумгал айыл айыл аймагындагы ИСКАКБ «Доскулу» булагы коомунун калктын ичүүчү таза сууга болгон тарифин жана бюджетин бекитип берүү жөнүндө, Жумгал айылынын элинин, айылдык Кеңештин депутаттарына кайрылган кайрылуусун карап, талкуулап Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жумгал айыл аймагынын жалпы тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Жумгал айыл аймагындагы ичүүчү таза сууга 1 айга ар бир жарандан 10 (он) сомдон акчалай төлөшсүн.
- ичүүчү таза сууну өзүнүн менчик огордуна киргизип алган үй-бүлөлөрдүн жан башына 15(он беш) сомдон акчалай төлөшсүн.
2. Таза сууну менчик огордуна киргизип алган түтүндүн ээлери, бир жолку уруксаат (решение) алуу үчүн 3000 (үч мин) сом акчалай төлөшсүн.
3. Жумгал айылындагы Ак конуш участогундагы Абдинасир, К.Сопалиев, Эстебес у Осконбек көчөсүнүн жашоочуларынын 13.03.2017-ж кайрылуусунун негизинде, Жумгал айылдык Кенешине көчөлөрүнө өз каражаттары менен таза суу киргизип алгандыгын эске алып, 16(он алты) түтүн таза сууну менчик огордуна киргизип, алуу үчүн бир жолку уруксаат (решение) алуу үчүн 1500(бир мин беш жуз) сом акчалай төлөшсүн.
4. Жумгал айылынын ИСКАКБ«Доскулу» булак коомдук жамаатынын кызматкерлерине эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- ИСКАКБ нун башчысынын эмгек акысы – 3500 (уч мин беш жуз) сом
- бухгалтер казначейинин эмгек акысы- 3800 (уч мин сегиз жуз) сом
- слесарь, сантехнигинин эмгек акысы- 2000 (эки мин) сом
- № 1 кароолчунун эмгек акысы- 1000 (мин) сом
- № 2 кароолчунун эмгек акысы- 1000 (мин) сом
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы ИСКАКБ нун башчысы Ж.Дуйшеевге милдеттендирилсин.
Төрага |
Т.Айтбаев |
: