Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин кезексиз 9 сессиясы ( XXVII- чакырылыш )
2017-жылдын 11-майы №09
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылдык Кеншинин сессиясынын отуруму Жайыт жерлерин натыйжалуу, сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жумгал айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Жайыт жерин башкаруу жана пайдалануу боюнча Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтуу Кенеш тарабынан расмий бектиилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча, жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайтарылып алынаары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы, жайыт комитенинин баардык мүчөлөрүн жайыт пайдалануучуларга жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусу милдеттендирилсин.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бектилген тартипте даярдоодо, макулдашууда , бектиүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу бекитилсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган баардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы С.Капарбекого милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Айтбаев |
: