Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка жол айылдык кеңешинин XVII сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 25-июлу №17/1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2016-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчетун угуп жана талкуулап,Кашка-Жол айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2016-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл окмоттун башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке: -айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу: - айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор,коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу: -калкты таза суу,сугат суу менен камсыз кылуу,жайыттарды,эгин талааларды коргоону жонго салуу жана сарамжалдуу пайдалануу: -ички жолдорду,копүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кенешинин бардыке туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Торага | Абдырахманов Б. |