Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кууганды айылдык кеңешинин XXIV сессиясы (XVI- чакырылыш )
2016-жылдын 9-ноябры №16-24/1
Баш-Кууганды айыл аймагындагы жайыт багытындагы жер тилкелерин башка категорияга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобого» ылайык Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кенеши XVI чакырылыштагы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын капчыгайында жайгашкан «Киндик-Дөбө» участкасынын № 2474,2, № 2055,6, № 2168,0, № 1905,6, № 2054,4, № 1872,2 контурлары кирген жалпы аянты 5,6 га болгон жайыт катары пайдаланууга мүмкүн болбогон асылдуулугу төмөн жер тилкесин суу сактоочу жай жана чакан ГЭСтерди куру максатында суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берилсин.
2. Баш-Кууганды айыл аймагына тиешелүү 5,6 га жер жайыт жери категориясынан суу фондусунун жерлерине которуу (трансформациялоо) иштери аяктагандан кийин чакан ГЭСтерди, анан гидротехникалык, энергетикалык курулмаларын куру үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «ДАТТ ЭНерджи» жоопкерчилиги чектелген коомуна узак мөөнөткө келишимдин негизинде бекитилип берилсин.
3. Жумгал райондук жергетжайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы Кыргыз Респуубликасынын мыйзамдарынын негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн чыгым жоготуулары, коротулган пайда үчүн төлөмдөрү «ДАТТ Энерджи» жоопкерчилиги чектелген коомунан толук өндүрүлгөндөн кийин райондук жер-кадастрдык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын капчыгайында жайгашкан «Киндик-Дөбө» участкасынын № 2474,2, № 2055,6, № 2168,0, № 1905,6, № 2054,4, № 1872,2 контурлары кирген жалпы аянты 5,6 га болгон жайыт фондусуна караштуу жер тилкесин суу сактоочу жай жана чакан ГЭСтерди куру максатында суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул жерлерди трансформациялоо маселесин киргизүү суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
Каттоо номери: 14
Төрага |
К. Ажыгулов |