Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин V сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 6-июну №5/6
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчсы А.Рахматуллаевдин айыл өкмөтүтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2019-2020 жылдарга киреше , чыгаша бөлүгүнүнүн долбоорун Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-2019-2020 жылдарга болжолдуу көлөмүн Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” негизинде түзүлүп , сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Уч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча маселелери боюнча туруетуу комиссиясында эске алуу менен Уч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Уч-коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы 27629,6 мин сомго, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы 28378,6 мин сомго , 2020- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы 28389,6 мин сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык жактырылсын
2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык каражатынан №1 тиркемеге ылайык кошумча бөлүнсүн. (Тиркеме №1 тиркелет)
3. Уч-коргон айыл өкмөтүнүн 2018-2019-2020 жылдарга карата бюджетинин болжолдуу долборуу менен каржыланыуучу мекеме- уюмдардын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн эсеби №2,3 тиркемелерге ылайык аныкталсын.бөлүгүнө тийиштүү тиркемелерди түзүү жагы милдеттирилсин.
4. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Рахматуллаевге бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнө тийиштүү тиркемелерди түзүү жагы милдеттирилсин.
5. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоору көңүлгө алуу жагы суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х.Джалалов |