Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин V сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 6-июну №5/3
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Рахматуллаевдин билдирүүсүн угуп, 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 3735,6 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Рахматуллаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык каражатынан №1 тиркемеге ылайык кошмча бөлүнсүн. (Тиркеме №1 тиркелет)
3. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы А.Рахматуллаевге айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы сунушталсын.
4. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын II кварталына каралган бюджеттик статьяларынан стаьядан –стаьяга которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы А.Рахматуллаевге тапшырылсын. (Тиркеме №2 тиркелет)
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х.Джалалов |