Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин V сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 6-июну №5/1
Уч-Коргон айыл өкмөтү, Баткен областындагы эң чоң айыл өкмөтү болуп, 32 745 миң эли, 7538 жакын кожолук жашайт. Айыл өкмөтүнүн аймагы 12 чоң айылдарга бөлүнгөн. Айыл өкмөтүнүн 3 айылы Өзбекстан Республикасы менен чектешет. Элдин көйгөйлүү маселелерин ыкчам жана жайында барып чечүүдө жана күйүүчү майын үнөмдүү пайдаланууда ошону менен катар эски “ЛЕСЕТИ” үлгүсүндөгү кызматтык автомашинасын Уч-Коргон ЖДПБна өткөрүп ьерүү менен айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасын жаңы үлгүдөгү автомашинага алмаштаруу маселеси жаралууда. Ошондуктан айыл өкмөтүнүн 2016-жылга калдык суммасынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен кызматтык автоунаа сатып алууга урксат берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Уч-Коргон айыл өкмөтүнө айыл өкмөтүнүн 2016-жылга калдык калган акча каражатынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен кызматтык автоунаа сатып алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х.Джалалов |