ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин II сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 23-январы №2/3
Үч Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды чыгаруу жыйымын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 9-статьясынын, 12-статьясынын 1-пүнктүна ылайык, Үч Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Үч Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды чыгаруу жыйым өлчөмү 2017- жылга 50 (элүү) сом белгиленсин.
2.Жогорүда белгиленген өлчөм жыйымдарынын чогултуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун салык маселелери боюнча адистерине тапшырылсын.
Төрага |
Х.Джалалов |