Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин II сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 23-январы №2/4
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин №339-статьясынын 4-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлунун башчысынын билдируусун угуп жана талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-жылга Уч-Коргон айылдык кенешинин аймагындагы калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын диференциялоо үчүн колдонуучу К-З экономикалык баалоо коэффицентин төлөө төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
№ | Салык төлөөчу физикалык жана юридикалык жактардын аттары, дареги | К-З коэффицент |
1 | Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тамарка салыгы боюнча Салык Кодексинин №341 –беренесинин 3-пунктуна ылайык төмөнку формула Н=С*П*Кз боюнча эсептеленет | 1 |
2 | Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме ишканалар жана кең байлыктарынан (карьерлер) пайдалануучу ишканалар Салык Кодексинин №341-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнку формула Н=С*П*Ки*Кз*Кк боюнча эсептеленет | 1.2 |
3 | Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык соода туйундөру, коомдук тамактануу жайлары, АЗС, СТО, аптека, элди тейлөөчу жана башка ишканалар Салык Кодексинин №341-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнку формула Н=С*П*Ки*Кз*Кк боюнча эсептеленет | 1.2 |
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х.Джалалов |