Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июлу № 198
Корголуучу зонага берилген жер участокторун сатып алууга макулдугун берүү жөнүндө
29.06.2016 ж. №20 бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция,ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап Красноармейская көч. суутоптомонун тегерегиндеги корголуучу зонага берилген жер участокторун сатып алууга макулдугун берүү жөнүндө, Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красноармейская көч.суу топтонун тегерегиндеги корголуучу зонанын 1020.00 кв.м аянттагы жер участогун сатып алууга Беловодский айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. 1020.00 кв.м аянттагы жер участогун сатып алууга көз каранды эмес баалоочунун баасына ылайык Беловодский айыл өкмөтү сатып алуу сатуу келишимин түзсүн.
3. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
4. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.А.Айдралиевага жүктөлсүн.
Беловодское айылдык кеңештин төрагасы |
О. Чекирбаев |