Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин II сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 23-январы №2/7
АРИС айылды инвестициялоо (ПСИ-3) Долбоорунун 2-циклыны баштады. Бул долбоордун максаты айыл жергесинде жакырчылыктын денгээлин азайтуу, социалдык жана экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлуктү жакшыртуу. Ушул иш чараларды аткарууда жумушчу топ тузулуп, Айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте стратегиялык план иштелип чыгылган. Айыл кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын стратегиялык пландын долбоору боюнча чечиминин негизинде Уч-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Немец өнуктүрүү банкы (KiW) тарабынан каржыланган КОММУНАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРАНЫ КАРЖЫЛОО VIP-KFW, 3-ЭТАП (ПСИ-3) долбоорун 2-циклынын аткаруу боюнча Уч-Коргон айыл өкмөтундө иштелип чыгылган стратегиялык план толугу менен колдоого алынсын.
2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн Разьезд айылындагы «Келечек-Уч-Коргон» атындагы балдар бакчасын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жана көрктөндүрүүгө шарт түзүү жана Камбарабод айылына ФАП куруу маселеси негизги көйгөй катары белгиленсин.
3. Немец өнүктурүү банкы (KfW) тарабынан талап кылынган бардык иш кагаздарын жана стратегиялык пландардын иштелип чыгып белгиленген мөөнөттө АРИС уюмуна толук тапшыруу жагы айыл өкмөтунө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кенешинин финансы жана экономика, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Х.Джалалов |