Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы ( VI чакырылыш)
2017-жылдын 7-февралы №4
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2016-жылда аткарган иштеринин жана 2017-жылга карата милдеттери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2016-жылда аткарган иштеринин жана 2017-жылга карата милдеттери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2017- жылга кабыл алынган милдеттер айыл башчыларга, мекеме- уюмдун жетекчилерине жеткирилип, толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |
Жылалды айыл Өкмөтүндө 2016-жыл
ичинде аткарылган иштер боюнча
Жылалды айыл Өкмөтүнүн башчысы
Р. Абдуллаевдин
МААЛЫМАТЫ
Урматтуу Төрага, урматтуу депутаттар жана сессиянын катышуучулары !
Жылалды айыл өкмөтүндө, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономиканын өсүү темпи турукташып, негизги көрсөткүчтөр боюнча бир топ жетишкендиктер жаралгандыгын белгилейм. Айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясынын иш- чараларында белгиленген милдеттерди жана реалдуу сектордун активдүүлүгүн жандандырууну камсыз кылууда алгылыктуу иштер аткарылды.
Урматтуу депутаттар!
Мал чарбасы боюнча айыл өкмөтүндө 2016-жылдын
1-январына карата 1920- баш кара мал, 3941- кой- эчки, 610- баш жылкы, 6515- үй канаттуулары жана 805-ит катталган. Жалпыснан айтканда бардык мал-жандыктар эмдөөдөн өткөрүлдү. Бүгүнкү күнгө эпизоотиялык абал туруктуу. Ветеринардык сервистин адистери эпизоотияга каршы профилактикалык иш- чаралардын аткарылышын камсыз кылуунун үстүндө иш алып барууда.
Салык боюнча – айыл аймагынын экономикасын турукташтыруу, салык жыйноо иштеринин деңгээлин жакшыртуу боюнча көрүлгөн иш- чаралардын негизинде
2016- жылдын 12-айында салык жыйноонун болжолдуу көрсөткүчтөрү райондук салык кызматы тарабынан жеткирилген болжол планды 108%ке аткарылды. 422,7 сомго ашыкча салык топтолду.
Инвестиция тартуу боюнча – айыл аймагында ички жана тышкы инвестиция тартуу аркылуу 2016-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча айта кетейин:
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен:
1. Айылдардын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө үчүн 1,5км ге -315миң сом.Кальта, Бото-Мойнок айылдарына.
2. Красный-Маяк жолун ямочный ремонт жүргүзүүгө 2,5км ге – 298,4 миң сом
3. Өзгөн-Красный-маяк овто жолунун 1,5 кмге асфальт түшөө үчүн – 7млн 257,7 сом.
4. Жылалды айылына айылдык китепкана куруу үчүн - 1672,8 сом ( анын ичинен Респ.бюджеттен 1млн 200,0сом, жергиликтүү бюджеттен 472,8 сом) бөлүндү.
5. Красный-Маяк айылы менен Жылалды айылынын ортосундагы ички жолго 1,5км ге шагыл төгүү үчүн 333,2 миң сом берилди.
6. Жылалды айылындагы балдар бакчасынын катлаванына 2,5 млн сом кетти.
Жамаат аркылуу:
1. Жылалды (Макаренко) айылына таза суу чыгаруу үчүн 60,0 миң сом топтолду.
Жеке ишкерлер тарабынан:
1. Прогресс айылына 51 күнөскана курулган. Анын башкаруучусу Раманкулов Мамазакир аркылуу жалпы аянты 3,10га- 20млн сомго курулуп, түшүмү сатыкка чыгарылып жатат.
Кышка даярдык боюнча- айыл өкмөтүнүн аймагында 4 билим берүү мекемеси бар. Мындан 2016-жыл ичинде балдардын саны аз болгондугуна байланыштуу Ж. Абжапаров орто мектеби менен Т. Орозов орто мектебинин 11- класстары жабылып калды.
Бул мектептердин кышка даярдыктары боюнча керектелген тонна көмүрлөрдү берип жатабыз.
А. Төрөгельдиевге 40тонна, Жылалды мектебине- 40тн, Т. Орозов мектебине-40тн, Ж. Абжапаров мектебине- 23тн, балдар бакчасына- 3тн, канторго- 19тн, бардыгы болуп 165тн көмүр түшүрүлдү. Суммасы 594,0 сомду түздү.
Мектептерге ремонтуна 57,0 миң сом берилди. Бардык мектептердин ар түрдүү чыгымдарына 34,2 миң сом берилди. Сапар чыгымына 14,9 сом берилди.
Социалдык абал боюнча- мамлекеттик жөлөк пул боюнча 2016- жыл ичинде 192 үй-бүлөөгө жөлөк пул чегерилген. Социалдык жөлөк пул алуучулардын түрү боюнча, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын саны – 73, ВИЧ- СПИД оорусу менен ооруган балдардын саны -3, томолой жетим балдардын саны-9. Бул категориялар боюнча ай сайын акчалай компенсациялар байланыш бөлүмдөрү жана банктар аркылуу төлөнүп келүүдө. Бир айга пенсия- 2млн 320,0 сом , пособия - 780,0 миң сом берилет. Кургак учук менен ооруган атуулдардын саны -69 . Буларга материалдык жардам берилип турулат.
1. Тарых жана маданият жылына карата Ж. Абжапаров орто мектебинде конкурс өткөрүлүп 1500 сом акчалай сыйлыктар берилди.
2. 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата 40000 сом берилди.
3. нооруз майрамына 23700 сом
4. 24- март элдик революция күнүнө карата – 8000 сом
5. Чернобыль катышуусуна – 8000 сом
6. 1-май эл аралык эмгекчилер майрамына карата – 10000 сом
7. авган күнүнө карата – 8000 сом
8. 9-май майрамына карата 6000 сом
9. тылда кызмат өтөгөндөргө 2000 сом
10. 31-август күнүнө карата – 47000 сом
11. материалдык жардам берүүдө ар түрдүү маселе боюнча– 52500 с
12. Кургак учукка 8000 миң сом берилди
13. Айылыбыздагы үч эм төрөлгөн балдарга 11 000 сом жардам берилди.
Жалпысы болуп 225700 сом айыл өкмөтү аркылуу берилди.
Үй- бүлөөлүк зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө - Кыргыз Республикасынын “ /й- бүлөлүк зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө” Мыйзамын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштер ар бир айылдын айыл башчылары менен жүргүзүлүүдө.
Дин боюнча- мыйзам чегинде тыюу салынган диний агымдардын ишмердүүлүгүн такай көзөмөлгө алынып, иликтенип, мечиттердин имамдары менен биргеликте айыл башчылар, соц. адистер диний көз- караштарга анализ жүргүзүшүүдө. Диний мекемелердин жана анын кызматкерлеринин үстүнөн ыкчам көзөмөл иштери күчөтүлүп жүргүзүлүп турат. Айыл аймагында 7 мечит бар.
Урматтуу депутаттар !
2017-жылда аткарыла турган айыл Өкмөтүнүн аймагындагы социалдык-экономикалык инфраструктуралык жактан өнүгүүсү боюнча өзүмдүн иш-пландарым жөнүндө бир аз маалымат бере кетейин.
1. Прогресс айылындагы жаңы конуштагы атуулдарга трансфарматор коюуу жана жаштар үчүн спорт площадкасын куруу
2. Жылалды айылындагы балдар бакчасын бүткөрүү
3. Айылдык китепкананын имаратын бүткөрүү
4. Красный- Маяк айылындагы авто жолунун асфальт басууну толук бүткөрүү
5. Красный- Маяк айылындагы Заргер дарыясынын дамбаны улантуу
6. А.Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин курулушун бүткөрүү
7. Дрендерди тазалоо
8. Заргер дарыясынын үстүнө дамба куруу
Урматтуу депутаттар !
Ушуну менен катар эле айыл Өкмөтүбүздө көйгөйлүү маселелерибиз бар.
Айта кетсем:
1. Жылалды орто мектебинин имаратынын проектисин бүткөрүү
2. Ж. Абжапаров орто мектебинин имаратынын проектисин бүткөрүү
3.Прогресс айылындагы Жазы дарыясынын дамбаны улантуу
4. Айыл аймактардын ички жолдорун асфальтоо
5. Айылдар арасындагы жаңы конуштагы атуулдарга электр линиясын тартуу
6. Экономиканы, салыкты көтөрүү
Жылалды айыл Өкмөтүнүн башчысы | Р.Абдуллаев |