Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-1
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери боюнча «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А.Кадыровдун отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А.Кадировдин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.(Отчету тиркелет)2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Гафаров
|
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А. Кадировдин отчету.
Урматтуу бүгүнкү заседаниянын катышуучулары!
«Ноокат-Коммунальщик» акционердик коому кѳпубакыттардан бери ѳзүнүнбиртопкемчилдиктеринекарабастан Ноокат элине кызмат кѳрсѳтүпкелүүдѳ. «Ноокат-Коммунальщик» акционердик коомунда 3 катуу типтеги акыр-чикир ташуучу унаа, 1 катуу типтеги акыр-чикирлерди жүктөөчү трактор, 1 суюк типтеги акыр-чикир ташуучу унаа, кѳчѳлѳрдү жуучу жана дарактарды, гүлдѳрдү, газондорду сугаруу үчүн 1 трактор бар.
«Ноокат-Коммунальщик» акционердик коомунун кызматкерлери Ноокат шаарынын тазалыгы жана кѳрктѳнүүсү үчүн кызмат кылып келе жатышат.
«Ноокат-Коммунальщик» акционердик коомуна 2016-жылдык бюджетке шаардык мэрия тарабынан 7226,4 миӊ сом, өз каражатынан же болбосо элден, мекеме-ишканалардан жыюу үчүн 900,2 миӊсом каралган, бардыгы болуп бюджет 8126,7 миӊ сомду түзѳт.
2016-жыл ичинде Ноокат шаарынын тазалыгын сактоо максатында күнүнө5-6 рейс, жалпысынан 1368 рейс катуу типтеги таштанды, 190 рейс суюк типтеги акыр чикирлер турак-жайлардан, бала бакчалардан жана мектептерден ташылды. Т-40 трактору менен көчөгө суу себүү жана асфальттарды жууп, отургузулган жаӊы көчөттөргө, парктын гүлдөрүнө суу куюлуп бардыгы болуп 927 рейс суу ташылган. Шаардын көчөлөрүнүнчетиндеги 379 м³арыктартазаланды, шаарда 2016-жылдын жаз мезгилинде тазалык жумалыктары уюштурулуп, биздин акционердик шаарыбыздын тазалыгына активдүүкатышты.
Ар бир майрамдык салтанаттарды өткөрүүүчүн көчөлөрдү кѳркѳм жасалгалоо иштерине 327 000 сом акча жумшалды. Көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандыруу үчүн 664 700 сомдук электр энергиясы сатып алынды. Шаардын борбордук айлампасына жана парктын ичине гүл кѳчѳттѳр отургузулду жана көчөлөрдүн боюндагы дарактар акталды.
Бардык акыр-чикирлерди тѳгүүчү жерди (свалканы) зыянсыздандыруу жана кѳмүү үчүн 111 300 сом акча каражаты жумшалды. Турак-жайлардагы суюк типтеги акыр-чикирлер топтолуучу чукурду реконструкциялоо үчүн 41 000 сом акча каражаты жумшалды. 103 600 сомдук түнкү жарыткычтар алмаштырылды жана орнотулду, 20 000 сомдук светодиод прожекторлор орнотулду. Т-40 суу себүүчү трактор суусун толтуруучу жерди (водоотвод) ремонттоо үчүн 3000 сом жумшалды
Эӊ негизги орчундуу маселе техниканын жетишсиздиги. Депутаттар АРИСтен проект менен алып берген техникаларга 10 жылдай болуп калды, эскилиги жетип калган, тез-тез бузулуп турат, тетиктер табылышы кыйын, ошонун эсебинен 2-3 кун туруп калат, негизги иштеп жаткан 6 техника бар. Жалпысынан АООТ «Ноокат-Коммунальщик» ишканасын иштерин аткаруу үчүн10 техника. Азыркы күндө АООТ «Ноокат-Коммунальщик» бар, ишканасынын балансында төмөнкү 6 техника бар.
1. ГАЗ-53 АС автомашина 1990-жылы чыккан, бүгүнкү кундө жараксыз.
2. ЗИЛ-130 водовоз 1971-жылы чыккан, бүгүнкү күндө иштейт, моторун капиталдык ремонт кылуу керек.
3. Т-40 водовоз, 1988-жылы чыккан, иштейт.
4. Т-28 трактор тележкасы менен, капиталдык ремонт кылуу керек.
5. КАМАЗ автомашинасы 1989-жылы чыккан, бүгүнкү кундө жараксыз.
6. МТЗ 82-1-14 трактор тележка 2014-жылы чыккан, бүгүнкү күндө иштейт.
Ноокат шаардык мэриясынын балансында туруп, келишимдин негизинде иштеген техникалар төмөндөгүчө:
1. МТЗ 82-1 трактор тележка 2007-жылы чыккан, бүгүнкү күндө иштейт.
2. ГАЗ 3309 АС автомашина 2007-чыккан, бүгүнкү күндө иштейт, капиталдык ремонт талап кылат.
3. ГАЗ 3309 КО автомашина 2011-чыккан, бүгүнкү күндө иштейт.
4. МТЗ 82-1-15 трактор погрузчик 2015-жылы чыккан, бүгүнкү күндө иштейт.
АООТ «Ноокат-Коммунальщик» ишканасы шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү иштери, майрамдык иш чараларды уюштурууда бир топ иштерди аткарууда. Райондун, шаардын аймагында жарыяланган ишембиликтерге активдүү катышу менен шаарыбызды социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келүүдө.
Учурда «Ноокат-Коммунальщик» акционердик коому ар-түрдүү акыр-чикирлерди ташуучу, жолдорду жуучу жана кѳтѳрүүчү (подъемник) атайын техникаларын алуу үчүн табигатты коргоо жана ормон кожолугун ѳнүктүрүү фонду менен долбордорун иштеп жатышат.
«Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси | А.Кадиров |