Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-2
Ноокат шаар аймагына тиешелүү болгон жалпы обьекттердин реестрин тактоо боюнча Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директоруМ.М.Алиевдин отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3,5- бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директоруМ.М.Алиевдин 2016-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын. (Отчету тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагыНоокатшаардыккенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуукомиссиясынажүктөлсүн.
Төрага | А.Гафаров |
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору М.Алиевдин маалыматы.
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу депутаттар бүгүнкү сессиянын катышуучулары! Муниципалдык менчик департаменттин 2016-жылда аткарган иштери жөнүндө маалымат берип өтөйүн.
2016-жылдагы Муниципалдык менчик департаменттин кирешелерин айтканда, автотоктомдордон (стоянкалардан) 1 002 000 сом.
Ал эми шаардын борбордук базарынын айланаларындагы муниципалдык баланстагы ижарага берилген жерлерден 276 200 сом болуп, жалпылаганда 1 278 200 сомду түздү.
Дагы кошо турган бул маршруттук каттамдардагы микроавтобустардан түшкөн маршруттук патенттер болуп эсептелет. "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коому ишканасынан 228 000 сом, "Ноокат Сервис Транс" ишканасынан 200 000 сом, багытын өзгөртүүлөрдөн, мисалы навайканага, ашканага же дүкөндөргө болуп алардан 90 000 сом, түз сатуу жолу менен түшүрүлгөн акча каражаты 163 000 сом болуп бардыгын кошкондо 681 000 сомду түздү.
Муниципалдык менчик департаментинен кайсы багыттарга, иштерге коротулган акча каражаттарын айтып өтсөм аларга:
Социалдык казына төлөмдөрү үчүн 151 344 сом, концелярдык буюмдар үчүн 42 300 сом, соттук чечимдерди аткарууга алууда 173 263 сом, сапардык чыгымдарга 103 710 сом, байланыш кызматына 6 800 сом, сатып алууларга, алар Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Ноокат райондук кадастр жана кыймысыз мүлккө укуктарды каттоо ишканалары тарабынан даярдалып берилген тийиштүү документ иш-кагаздарына ж.б. ушул сыяктуу аткарылган иштерине 745 811 сом каралып жумшалган.
Дагы аткарылган иштерге, шаар аймагындагы Ленин, С.Алимбаев, М.Эргашев атындагы көчөлөрүндө дарактарды кыйуу, тамырларын казып алуу иштери жүрдү.
Лутфуллаев, Таштак, Жаштык 2, Бостон көчөлөрүнө шагыл төшөлдү. Бул иш-аракеттерге 867 652 сом акча каражаты жумшалып аткарылды.
С.Алимбаев атындагы көчөсүндөгү №40, 42 көп кабаттуу үйлөрүнүн айланаларына бетон аралашмаларын куюуу иштерине 356 183 сом коротулду, Н.Исанов атындагы эс алуу багына Манас, Каныкей, Курманжан-Датка жана Саякбай Каралаевдин эстеликтери тургузулуп, аларга 197 000 сом сарпталган.
Шаар ичиндеги жолдорду асфальттоо иштери боюнча айтсак, алар:
Таштак көчөсүнүн 550 метрине, С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн 247 метрине, Уста-Жоро көчөсүнүн 490 метрине, Тайлаков көчөсүнүн 330 метрине жана Р.Юлдашев көчөсүнүн 220 метрине асфальт жаткыруу иштери жүрүп аяктаган. Жогоруда аталган көчөлөргө баары болуп 5 678 749 сом жумшалган.
Таштак кварталындагы С.Алимбаев атындагы тар көчөсү менен Бостон көчөсүнүн ортолугунан агып өткөн Чечме-Сай каналынын үстүнө көпүрө курулду жана ага 184 000 сом коротулду.
2016-жылы Ноокат шаарынын аймагында дагы бир нече алгылыктуу иштер максатына ашты. Кварталдар ичинде аткарылган иштерди кошумчалап атай кетсек, 119 230 сомго М.Абдуллаев атындагы көчөсүндөгү көрүстөнгө тосмо тосулду, 1 060 000 сомго Ленин көчөсүнө лотоктор орнотулду, 111 450 сом акча каражаты шаар аймагындагы скважинаны оңдоп-түзөөгө жана электр чубалгыларын сатып алууга жумшалды, 435 647 сомго М.Эргашев атындагы көчөсүнө брусчатка жаткыруу менен бирге лотокторду орнотуу иштери жүрдү, 460 147 сомго С.Алимбаев атындагы көчөсүнө темир түрүндөгү трубалар орноштурулуп, лотоктор жаткырылды, Н.Исанов атындагы паркка тосмо тосуу жана брусчатка жаткыруу иштерине 295 526 сом сарпталгандыгын билдирем.
Трансформаторлор боюнча айтсам, Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Халдаров көчөсүнө, А.Навои көчөсүнө 362 087 сомго жана Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнүн кесилиш жерине 385 200 сомго ТМ 630-10 маркасындагы трансформатор орнотулуп ишке киргизилди. Жомий көчөсү менен Таштак кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдылары жарыктандырылды.
Жыйынтыктап айтканда жогоруда аталып өткөн, аткарылган иштер, шаар тургундарынын суроо талаптарынан, суранычтарынан улам ишке ашып олтурат.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору | М.Алиев |