Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-4
Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасынын «Кара-Турпак» көчөсүн асфальттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын аймагындагыКара-Турпак участкасынын«Кара-Турпак» көчөсүн асфальтто үчүнНоокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен2 192 196 (эки миллион бир жүз токсон эки миң бир жүз токсон алты) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров |