Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-7
Ноокат шаарынын аймагынын Шаар-Маала, С.Калбеков, А.Лутфуллаев, Б.Абдраимов, Т.Кадирбаев жана А.Бадалов атындагы көчөлөрүнүн асфальтын ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын аймагынын Шаар-Маала, С.Калбеков, А.Лутфуллаев, Б.Абдраимов, Т.Кадирбаев жана А.Бадалов атындагы көчөлөрүнүн асфальтын ремонттоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров |