Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-10
Ноокат шаар мэриясы 2017-жылдын 10-июлунда №01-15/314 сандуу Ноокат шаардык кеңешине жазган сунушунда “Ноокат муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесин” ал ишканада жылуулук берүү тармагында иштеген адистер жок экендигин жана Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин тартыштыгына байланыштуу Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесиинин 2.3-бөлүктүрүнө ылайык, Ноокат шаарыдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан №1, №2 жылытуучу от казандарын Ош облустук жылуулук берүү мекемесине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырысын.
Төрага |
А.Гафаров |