Редакцияот 11.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )

 

2017-жылдын 11-июлу №V-13

Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы орто мектептерди ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы орто мектептерди ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин шаардын аймагындагы орто мектептерди ремонттоо үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен:

-Х.Самиев атындагы орто мектебине 50 000 (элүү) сом;

-Н.Крупская атындагы орто мектебине 50 000 (элүү миң) сом;

-А.Абдуваитов атындагы орто мектебине 50 000 (элүү) сом;

-А.Абдуллаев атындагы орто мектептин кичи гимнастикалык залына оңдоп-түзөө иштери үчүн50 000 (элүү миң) сом;

-Н.Крупская атындагы мектеп интернатына утурумдук оңдоп-түзөө үчүн 50 000 (элүү миң) сом;

-Х.Самиев атындагы орто мектеп чатырынын айланасына атайын агын суулар түшүү үчүн (водосточная труба) трубалар орнотуу үчүн 79 530 (жетимиш тогуз миң беш жүз отуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

А.Гафаров