Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-14
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы балдар бакчаларын ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы балдар бакчаларын ремонттоо үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен:
“Балапан” балдар бакчасыне 50 000 (элүү миң) сом;
“Кара-Турпак” балдар бакчасыне 50 000 (элүү миң) сомакча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров |