Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-15
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык оңдоп түзөө үчүн атайын техникалык көзөмөлдөөчүгө акы төлөө жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык оңдоп түзөө үчүн атайын техникалык көзөмөлдөөчүгө Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 16 500(он алты миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров |