НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-16
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына алынып жаткан жер аянттарына мамлекеттик акт алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына алынып жаткан жер аяттарына мамлекеттик акт алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына алынып жаткан жер аяттарына мамлекеттик акт алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 21 105 (жыйырма бир миң бир жүз беш) сом акча каражаты ажыратылыпберилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров |