Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-17
Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы көчөсүн таза суу менен камсыз кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы көчөсүн таза суу менен камсыз кылуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 221 161 (эки жүз жыйырма бир миң бир жүз алтымыш бир) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров |