Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 11-июлу №V-18
Ноокат шаарынын Таштак участкасындагы Х.Абдумаликов атындагы көчөгө жаңыдан электр чубалгысын тартууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын Таштакучасткасындагы Х.Абдумаликов атындагы көчөгө жаңыдан электр чубалгысын тартууга Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 55 900 сом (элуу беш миң тогуз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров |