КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 28-августу №6-1
Алты айлык бюджеттин аткарылышынын абалы тууралуу
Айыл өкмөтүнүн жылдын башында бекитилген бюджетинин алты айда аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 3- пунктуна, 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн жылдын башында бекитилген бюджетинин алты айда аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Бюджеттеги аткарылбаган статьяларды 9 айлыктын жыйынтыгы менен карап, зарыл жактарга бөлүштүрүү жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
3. Айылдык кеңештин компетенциясына кирбеген маселелерди тиешелүү жактарга сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |