Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 28-августу №6-2
Кеңеш айыл аймагындагы таза сууга тиешеси бар кээ бир муниципалдык менчикке алынбай калган объектилерди муниципалдык менчикке кайтаруу тууралуу айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5- пунктуна, 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 5-пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагындагы таза сууга тиешеси бар кээ бир муниципалдык менчикке алынбай калган объектилерди муниципалдык менчикке кайтаруу тууралуу айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырысын.
2. Шаңкол айылындагы кпоттун жанындагы суу чыгуучу скважинаны; Жоошев Келдибектин жанындагы суу резуварын айланасындагы тосмосу менен кошо; Арбын айылындагы суу резувары 20 сотых жери менен кошо муниципалдык менчикке алынсын.
3. Нарматов Акматжандын багындагы суу резуварынын документтерин текшерип тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана муниципалдык менчик боюнча адиске тапшырылсын.
4. Тиешелүү документтерин даярдап, айыл өкмөтүнүн балансасына олтургузуу жагы муниципалдык менчик боюнча адис Маткеримов Базарбайга милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |