Редакцияот 28.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы ( VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 28-августу №6-3

Шаңкол айылындагы Кадыров Дурсуналинин бош турган үйүнө жамааттык балдар бакчасын уюштурууга уруксат алуу тууралуу

 

Кеңеш айыл аймагындагы Шаңкол айылы территориясы жана калкынын саны жагынан эң чоң айыл болгондуктан, бул айылга бир гана балдар бакчасы жетишсиз экендигин эске Шаңкол айылындагы Кадыров Дурсуналинин бош турган үйүнө жамааттык балдар бакчасын уюштурууга уруксат сурап кайрылуусу тууралуу айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 20- пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Шаңкол айылынадагы лидер аялдар тобунун демилгеси колдоого алынсын.

2. Шаңкол айылындагы Кадыров Дурсуналинин бош турган үйүнө жамааттык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.

3. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.

Төрага

Абдибает уулу М