Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 28-августу №6-4
Кеңеш айыл аймагындагы Шаңкол айылы территориясы жана калкынын саны жагынан эң чоң айыл болгондуктан, бул айылга бир гана балдар бакчасы жетишсиз экендигин эске алуу менен Бишкек шаарында туруктуу жашаган Кудайбердиев Абдималиктин Шаңкол айылындагы бош турган үйүн өзүнүн макулдугу менен жамааттык балдар бакчасын аны ремонттоп жамааттык балдар бакчасын уюштурууга уруксат сурап кайрылуусу тууралуу айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 20- пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаңкол айылынадагы лидер аялдар тобунун демилгеси колдоого алынсын.
2. Шаңкол айылындагы Бишкек шаарында туруктуу жашаган Кудайбердиев Абдималиктин өз макулдугу менен берген үйүнө жамааттык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |