Редакцияот 17.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-августу №86

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата аткарылышы жана 2017-жылдын экинчи жарым жылдыгына бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункттун жетекчиликке алып , ”Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата киреше –чыгашасы аткарылгандыгы эске алынсын.

2. Жыл башында арка курууга каралган 2.0 млн сом акча каражаты ички жолдорду асфальттоого жылдырылсын.

3. Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кошумча каралган 4.0 млн сом акча каражатынын 3.6 млн сому ички жолдорду асфальттоого жана 0.4 млн сому Адыр, Бабыр айылдарынын түнкү жарыктарына кошумча каралсын.

4. Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна түшкөн кайрылууларды каржылоо, 2018-жылдын бюджетин бекитүүдө каралсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

С.Т.Жусупов