Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 19-сентябры №88
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын кезексиз X сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункттун жетекчиликке алып, ”Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бабыр айылынын жашоочуларынын таза суу пайдалангандыгы үчүн , көчөдөгү крандан колдонгондорго - 50 сом, үйлөрүнө кран киргизип колдонгондорго - 100 сом (айына) тарифи бекитилсин.
2. Таза суу боюнча Бабыр айылынын жооптуу адиси тарифтин так сакталышын камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага |
С.Т. Жусупов
|