Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 19-сентябры №89
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Обком участкасынан кичи футбол аянтына жер бөлүп берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын кезексиз X сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- беренесин жетекчиликке алып ”Айыл,жер,суу чарба,өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Муниципалдык менчиктеги кичи футбол аянты үчүн Обком участкасынан жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилчү жер аянтынын документ иштерин мыйзам чегинде бүтүрүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага |
С.Т.Жусупов
|