Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 19-сентябры № 90
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын кезексиз X сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , ”Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлгөн “Мырза-Аке Таза суу” ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмеси “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги”муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. “Мырза-Аке Таза суу” ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык бирикмесинин негизги каражаттарын эсептеп , инвентаризация иштерин толук бүтүрүп, “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги”муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Аскаровко ,Мырза-Аке ИСКАКБ нын жетекчиси Калмамат Дөөлөтбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага |
С.Т.Жусупов
|