Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы (VI чакырылыш )
2017-жылдын 2-марты №16/4
Кара-Суу шаар мэринин 2016-жыл ичи аткарган иштерин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаар мэри З.Тургунбаевдин 2016-жылда аткарган иштери «Канаатандыраарлык» деп табылсын.
2. Кара-Суу шаарындагы Юбилейный, Арашан кичи районундагы почта бөлүмү Кара-Суу шаар мэриянын балансында калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
Р.Х.Хатамов |
Кара - Суу шаарынын 2016-жылдын 12 айындагы социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча маалымат
Кара - Суу шаарынын 2016 – жылдын 12 айында социалдык - экономикалык жактан стабилдүү өнүгүүсү, жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын камсыздалышы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, облустук, райондук мамлекеттик администрацияларынын көрсөтмөлөрүн, шаардык Кенештин 2016-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча токтому менен бекитилген иш - чараларды иш жүзүнө ашырууда шаар мэриясы тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Бекитилген иш-чаралардын аткарылыштарынын жыйынтыктары боюнча жыл ичинде квартал сайын райондук мамлекеттик администрациясына отчеттор тапшырылып, шаардык кенешке маалыматтар берилип турулду, тапшырылган отчеттор жана маалыматтар боюнча белгиленген кемчиликтер, сунуштардын жыйынтыктары мэриянын аппараттык кеңешмелеринде каралып, кетирилген кемчилдиктерди өз убагында жоюу боюнча иштер алып барылды.
Натыйжада, отчеттук мезгилде өнөр жай продукцияларын чыгаруучу ишканалары тарабынан 2016-жылдын 12 айында 16819,1 миң сомдук өнөр жай продукциялары чыгарылдыжана өткөн жылга салыштырганда 105,2 % аткарылды.
Бюжеттин киреше бөлүгү
Шаардын жергиликтүү шаар бюджетине 2016 - жылдын 12 ай ичинде жалпысынан (атайын каражаттарды кошкондо) 67857,6 миң сом түштү же такталган планга карата 100,6 пайызга камсыздалган.
Өз ыктыяры менен алунуучу патент сатуудан 7632,7 миң сом, кыймылсыз жана кыймылдагы мүлктөрдөн алынуучу салыктан 11289,8 миң сом, жер салыктарынан 2522,9 миң сом, сатуудан алынган алынуучу салыктан 18478,8 миң сом, атайын каражаттардан 5619,1 миң сом түштү.
Ошону менен бирге эмгек акыдан эсептелүүчү подоходдук салыктан 20534,0 миң сом түштү.
Кара-Суу шаарынын муниципалдык жерлеринен алынуучу ижара акысы 2016-жыл ичинде 1402,2 миң сомду түздү.
Бюджеттин чыгаша бөлүгү.
Кара - Суу шаарынын 2016 – жылга бекитилген бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө каралган сметадан ашыкча каржылоо жүргүзүлгөн жок.
Капиталдык салым, курулуш жана инвестиция тартуу боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан колдооого алынган таза суу системасын жакшыртуу жана таштанды сууларды тазалоочу курулманын курулушу боюнча I этапта 6,320 млн евро акча каражатын каржылоо каралып, кредиттик жана гранттык келишимдер түзүлдү.
Азыркы учурда Европа өнүктүрүү банкы тарабынан консультанттар келишип, 2017-жылдын 10-январынан жумуштарын башташат. Биринчи этапта Кара-Суу шаарынын Юбилейный, Арашан кичи шаарчаларында жайгашкан көп кабаттуу үйлөр, борбордук Ленин, Кушбаков, Токтогул көчөсүндө жайгашкан жеке менчик үйлөр, административдик жана социалдык обьектилер канализацияга уланат.
Аталган маселени ишке ашыруу боюнча мэрия тарабынан көптөгөн иштер алынып барылууда. Атап айтсак, 2016-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинде, 2016-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинде, 2016-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коопсузук жана коргоо комитетинде Кара-Суу шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу менен “Кара-Суу Таза-Суу” ишканасына колдоо көрсөтүү долбоорунун негизинде Кара-Суу шаарына Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 2 млн евро насыя жана 310,0 миң евро грант алууга келишим түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын июнь айында №257-б буйругунун негизинде аталган долбоор боюнча кредиттик макулдашуунун, Кыргыз Республикасынын жана Кара-Суу шаар мэриясынын жана «Кара-Суу Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоорлору жактырылып, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри тарабынан кол коюлуп, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кара-Суу шаар мэриясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, «Кара-Суу Таза-Суу» муниципалдык ишканалары ортосунда кредиттик жана гранттык макулдашуу боюнча төрт тараптуу келишим түзүлүп кол коюлду. Аталган маселе жогорку кеңеште ратификацияланса долбоодо көрсөтүлгөн иштер башталат.
Кара-Суу шаарындагы «Дан-Азык» АКнун (мелькомбинаттын) арт жагынан Өзбекстан менен чектешкен арыкка Савай, М.Рахимов, Токтогул жана Тельман көчөлөрүнө лотоктор толугу менен орнотулду. Ал Кара-Суу шаарынын «Ынтымак» суу каналы деп аталган. Курулган суу каналы шаардагы 5 кварталды суугат суу менен камсыз кылат. Бул каналдын курулушу Кара-Суу шаарына Савай каналынан суугат суунун келишине бир топ көйгөйлүү маселелерди чечти. Себеби, мурунку арыктар Өзбекстандын аймагы менен келгенине байланыштуу чек ара сызыгында Өзбекстан тараптан чуңкурлар (РОВ) казылгандан кийин арыктын жолу бузулуп, Кара-Суу шаарына суугат суу келбей калган. Лотоктун курулушу менен ушул көйгөй чечилди. Бул суугат каналынын дагы бир жакшы тарабы жаз, күз мезгилинде нөшөрлөп жааган жаан чачын убагында пайда болгон сел үйлөргө кирип кетүү коркунучунда турса, учурда лоток аркылуу агып кетүү шарты түзүлдү. Ошондой эле жайында элдер өздөрүнүн бак-дарак, чарбактарын таза суунун колонкаларынан суугарып келишип, шаарда таза суу тартыш болгон, эми ушул маселе да чечилди десек болот. Мэрия келечекте шаардын калган бөлүктөрүн да агын суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатат.
2016-жылы шаардагы Ленин атындагы орто мектебинде республикалык бюджеттин эсебинен 10500,0 миң сомго капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлдү
Шаардагы «Манас» мектебинин капиталдык ремонтоо иштерине жалпысынан 2656,8 миң сом чыгымдалды анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 743,8 миң сом, К.Рахимов атындагы орто мектептеринин имаратын капиталдык ремонттоого 2756,8 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 740,7 миң сом жумшалды, З.Бабур атындагы орто мектебинин имаратынын айнек рамдарын алмаштыруу үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен 1323,6 миң сомго, жергиликтүү бюджеттен 735,6 миң сомго оңдоп-түзөө боюнча курулуш иштери аткарылды.
Кара-Суу шаарында инвестициялык климатты жакшыртуу, токтоп турган өнөр жай ишканаларын жандандыруу, жаңы ишканаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү максатында жеке ишкерлер менен бир нече жолугушуулар өткөрүлдү, Кара - Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 10 – июнундагы № 23 токтомунун негизинде мэрия тарабынан иш чаралар иштелинип чыгылгандыгынын натыйжасында АО “ Кара – Суу сельхозтехника “ ишканасында жеке ишкер М.Мамажанов тарабынан жылына 3,5 млн.сомдук жылуу пол үчүн фольга чыгаруучу ишкана ачылып 13 жумушчу иш менен камсыз болду жана продукциянын өндүрүүнүн көлөмүн 6,0 млн сомго жеткирүү пландалууда бюджетке 187,2 миң сом салык чегерилүүдө , ошондой эле мурдакы май заводунун (МЭЗ) аймагында жеке ишкер А.Матраимов майда бурамаларды (шуруп) чыгыруучу ишкана ачып 18 адамга жумушчу орун түздү, жылдык продукция өндүрүү көлөмү 4,2 млн сомду түзмөкчү ал эми бюджетке төлөнүүчү салык 259,2 миң сомду түзөт, бул көрсөткүчтөр кийинки мезгилге суроо талаптардын өскөндүгүнө байланыштуу дагы көбөймөкчү.
2016-жыл ичинде шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментине шаардын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү курулуш иштерине каралган акча каражытынын эсебинен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы жер аянтына, Ленин көчөсүндөгү Ала-Тоо кинотеатрынын алдындагы гүлканага, Х. Юлдашев көчөсүндөг үч бурчтук жерге кара топурак салып гүл эгүүгө, «Оомат» базарынын тушун көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга баардыгы болуп 32480 түп гүл көчөттөрү олтургузулуп, 460,0 миң сом акча каражаты сарпталып, ал эми кара топурак салууга 150,0 миң сом жумшалган.
Ленин көчөсүндөгү Ала-Тоо кинотеатрынын алдындагы гүлкананын түтүгүн жана фонтанчиктерин алмаштырып реконструкциялоого жана Ж. Бөкөнбаев атындагы эс алуу багындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин эстелигин капиталдык ремонттоо иштерине, Тельман көчөсүндөгү банянын жанындагы суу өтүүчү түтүктү алмаштырууга, Г.Айтиев жана МЭЗ көчөсүнүн кесилишкен жериндеги суу өтүүчү көпүрөнү ачып тазалоо, труба коюуу иштери аткарылып жалпысы болуп 292,2 миң сом акча каражаты сарпталды.
М. Рахимов көчөсүндөгү Арашан кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөргө септик куруу иштери толугу менен 749,5 миң сомго аткарылды.
Кушбаков көчөсүндөгү №10 көп кабаттуу үйүнүн сыртына 12 көздүү жаңы ажаткана куруу иштери аягына чыгып, 560,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
Тельман көчөсүнүн райондук оорукана жагындагы тротуарга брусчатка басуу иштери аягына чыгып, 489,7 миң сом акча каражаты сарпталды. Кошумча 103 метрге аралыкка темир бетондон лоток коюлду.
Козубаев көчөсүнө жалпы асфальт басуу иштери аягына чыгып 449,9 миң сом сарпталды.
Төлөбергенов жана З. Космедемяньская көчөлөрүнө темир бетондон лоток коюп, жолдун астына 6 метрден 2 труба коюуга, шагыл төгүп тегиздөө иштери толугу менен аягына чыгып, 200,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
Ленин көчөсүндөгү темир бетондон жасалган тосмолорду актап, сырдоо иштерине жана жолдорго жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызыктарын сызууга келишим түзүлүп, каралган 246,5 миң сом акча каражатына жумуш аткарылды.
Кара-Суу шаарынын түнкү жарыткычтарын оңдоо, жаңылоо иштерине 288,5 миң сом сарпталды.
Жумушчу көчөсүндөгү жыгач мамычаларынын ордуна темир бетондон столба коюулуп, 200,0 миң сом акча каражаты жумшалды.
Ошондой эле «Манас» орто мектебине жаны 12 көздүү ажаткана курууга 543,7 сом чыгымдалды.
Кара-Суу шаарынын кочолоруно асфальт басуу боюнча шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган проект жана сметалары боюнча мамлекетик сатып алуулар порталына Умаров, Терешкова, Мамадалиев, Осмонов, Нурахунов, Х.Турсунов, Ж.Аматов, Мектеп, МЭЗ, Кушбаков көчөсүнүн «Россимбанктын» алдындагы жолго асфальт басуу иштери үчүн тендерге жарыя берилип, аталган жолдорго асфальт басуу иштери аткарылды.
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы фонтанды реконструкциялоо иштери толугу менен бүткөрүлдү, жалпысынан 1197,2 миң сомдук жумуш аткарылды.
Кара-Суу шаарынын төмөндөгү көчөлөрүнө лоток коюлду: Нурахунов көчөсүнө эски базардан төрт көчөгө чейин, Нурахунов көчөсүнөн Авторемзаводдон Кара-Суу Бажы тарапка карай, Темир жол көчөсүнө, Завод көчөсүнүн №2-4-6 үйлөрүнүн алдына, Жумушчу көчөсүнө 300 метр аралыкка, Панфилов көчөсүнүн 95 метр аралыкка, Кара-Суу шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан проект сметалары даярдалып, тендер өткөрүлдү жана лоток коюу жумуштарынын 100 % аткарылды.
Кара-Суу шаарындагы муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча ижарачылардын саны- 122 болуп, план 1442,4 миң сомго белгиленген, 2016-жылы 1232,9 сом ижара акы топтолуп, план 85,4% аткарылды.
Газпром балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун төлөнбөгөн карызы 439,5 миң сомду түзөт.
Шаардын коммуналдык чарба ишканалары жөнүндө маалымат
«Кара-Суу Ак-Мээнет» ААК 2016 – жыл ичинде шаарда санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жолбун иттерди атуу иштерин жүргүздү, шаардыктарга коммуналдык тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн 14 техника тартылган. Анын 13ү оң абалда, бирөө капиталдык ремонту талап кылат. Ал техника таштанды ташуучу атайын техника, аны да жакын арада (эки айдын аралыгында) оңдоп, ишке чыгаруу каралган.
2016 - жыл ичинде шаардын аймагынан 19764тонна кату калдыктар (ТБО), 6829 м3 ашык суюк калдыктар ташылып чыгарылган. Жеке турак-жай массивдеринен таштандыларды чыгаруу «Сигнал» системасы аркылуу, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөн жана ишкана, мекеме-уюмдардан аларга коюлуп берилген контейнерлердин толушу менен ташып чыгаруууюштурулуп келе жатат. Курбан-Кара айылындагы таштанды төгүүчү жайга төгүлгөн таштандыларды ар ай сайын сүрүп, тегиздөө иштери алып барылып келе жатат.
Март айынан баштап аптасына беш жолу шаардын борбордук көчөлөрүнө (Ленин,Киров) көчөсүнө эрте менен суу чачуу уюштурулуп келе жатат. андан сырткары суу себүүчү МАЗ автоунаасынын цистернасына кошумча улап цистернанын сыйымдуулугу 6,3 м3дан 10 м3га жеткирилди. Натыйжада шаардын айланма көчөлөрүнө (Тельман, Юлдашев, Нурахунов, Токтогул) жумасына эки-үч жолу суу чачып турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Шаардын борбордук көчөлөрүн (Ленин, Киров, Тельман, Кушбаков), борбордук аянтты ар күнү санитардык абалын таза кармоо багытындагы иштер улантылууда.
Шаардагы жолбун иттерди атуу үчүн мергенчи менен келишим түзүлгөн. Жолбун иттерди атуу жуманын дүйшөмбү күнү жүргүзүлүп келе жатат, жыл ичинде шаардын аймагынан 735 жолбун ит атылып жок кылынган.
Ушул жылдын март айында жумушчулар үчүн жуунучу жайдын курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.
«Кара-Суу Таза Суу» муниципалдык ишканасына 2016-жылдын 12 айында 3244,7 миң сом киреше түшкөн. Анын ичинен 1773,8 миң сом элден түшкөн акча каражаты болсо, 460,0 миң сом бюджеттик мекемелерден, коммерциялык 1470,9 миң сом келип түшкөн. 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 109,9% ды түзгөн. 2016-жылдагы абоненттердин саны 10896. Дебитордук карыздын эсебинен 64,0 миң сом акча каражаты өндүрүлдү. Шаардын Ленин көчөсүнүн, Рабочая, Комсомол,Фрунзе жана Нурахунов,Панфилов ж.б.көчөлөрдөгү бузулган суу түтүктөрү оңдоодон чыгарылды. Ишкананын менчигиндеги трансформатор техникалык кароодон өткөрүлүп кыш мезгилине даярдалды.
Кара-Суу шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан 2016-жылдын 12 айына карата 149 архитектуралык документтер даярдалып, 1464,3 миң сом акча каражаты келип түшкөн. Анын ичинен соцфондго 62,7 миң сом, салык кызматына 67,8 миң сом чегерилген.
Социалдык тармак боюнча
Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан 2016-жыл «Тарых жана маданият жылын» өткөрүү боюнча бекитилген иш-чаралардын негизинде атайын иш-пландар аткарууга жана жетекчиликке алынды.
Кара-Суу шаарында жашаган тургундарды, социалдык тейлөөдө турган жалгыз бой карыя жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарадарды, каттоодогу тоголок жетим балдар, турмуштун оор кырдаалына дуушар болгон үй-бүлөлөр менен иштөө, социалдык колдоо менен иштери жүргүзүлдү.
Кара-Суу шаарынын Савай көчөсү №9 үйүнүн тургуну 2001-жылы туулган жашы жете элек №68 К.Рахимов орто мектебинин 8-классынын окуучусу Хакимов Ойбекке 2016-жылдын 3-февралында Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан 5000 (беш мин) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүндү. Кара-Суу шаар мэриясынын социалдык кызматкери жана К.Рахимов мектебинин мугалими менен биргеликте кийим-кече алынып берилди.
Кара-Суу шаар мэриясы 15-февраль Ооган согушунун аякталышынын 27-жылдыгын жана жоокерлерди эскерүү күнүнө карата Кара-Суу шаарынын Ж.Бөкөнбаев эс алуу багындагы эстеликтердин алдында Ооган согушунун катышуучуларынын курман болгондорго эскерилип түбөлүк оттору жагылды, куран окулуп, эстеликтерге гүлчамбарлар коюлду. Ооган согушун майыптарынын жана курман болгондордун үй-бүлөсүнөн кабар алынып, колдоо көрсөтүлдү. Ооган согушунан 35 катышкан жоокерлерге ар бирине 1000 (миң) сомдон акчалай жардам берилди. Иш-чаралар уюшкандыкта өткөрүлдү, жалпы 40000 (кырк миң) сом акча каражаты жумшалды.
Кара-Суу райондук социалдык коргоо башкармалыгынын Кара-Суу шаарына бөлүнгөн социалдык кызматкерлер тарабынан каттоого алынган 13 жалгыз бой жашаган карыялардын үйлөрүнө барып абалдарынан кабар алынууда. 2016-жылдын февраль айында жалгыз бой Д.Абассовага ден-соолугу начар болгондугуна байланыштуу мэрия тарабынан 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.
Кара-Суу шаары 8-март аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо боюнча бекитилген иш-чаралардын негизинде шаарда эмгектенген жана шаардын өнүгүүсүнө жакшы салым кошкон 70 айым чакырылды. Чакырылган жогорудагы айымдарга баалуу белектер таркатылып, алардын майрамдык маанайын көтөрүү максатында жогорку деңгээлде концерттик программалар тартууланды. Жалпысы болуп 50000 (элүү миң) сом акча каражаты жумшалды.
Кара-Суу шаар мэриясы сиздердин 2016-жылдын 16-февралындагы Кыргыз Республикасынын ардагерлер жана майыптар «Союз-Чернобыль» коомдук бирикмесинин катын аткаруу маскатында шаар мэриясынын 2016-жылдын 25-мартында Кара-Суу шаарында «Чернобыль апаатынын катышуучуларына материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө » №25-б буйругу кабыл алынып, аткарууга алынды. Шаардын аймагында Чернобыль апаатына катышкан ардагерлерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында шаардын аймагында жашаган жана Чернобыль апаатына катышкан 3 жаранга жана бир жесирине 1000 (миң) сомдон жалпысы 4000 (төрт миң)сом акча каражаты берилди. Ошону менен бирге Чернобыль аппатынын 3 катышуучусунун ар бирине юбилейлик медаль үчүн 700 (жети жүз) сомдон жалпысы 2100 (эки миң бир жүз) сом каражаты «Союз -Чернобыль» коомунун эсебине өткөрүлүп берилди.
Кара-Суу шаарында 9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын, оорукта иштегендердин жана согушта курман болгондордун жесирлерин материалдык колдоо көрсөтүү үчүн, сметага ылайык социалдык женилдиктер эсебинен 38 000 (отуз сегиз миң) акча каражаты бөлүнүп берилди. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Таштанов Жаанбайга 30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндө жана согуштун катышуучусулардын жесирлерин жана орукта кызмат өтөгөн 8 жарандарга 8000 (сегиз миң) сом, жалпы 38 000 (отуз сегиз миң) сом каражаты бөлүнүп берилди.
«Тарых жана маданият» жылына карата «Сезим» майыптар коомунун 10 жылдык мааракесинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттук мелдеш, көргөзмө жана концерттик программалар өткөрүлдү. Марафонго Кара-Суу шарынын №1 группадагы майып Тельман көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну Анарбаев Айбек, Ленин көчөсүнүн №10-2 үйүнүн тургуну көзү азиз майып Муртазина Венера конкурска катышты. Кайрымдуулук марафонго Кара-Суу шаар мэриясы 10 000 (он миң) сом акча каражаты ажратып берилди.
2016-жылдын 20-майында шаарыбызда «Энелер күнү» салтанаты өткөрүлдү. Саланатка «Баатыр эне» орденини, «Эне данкы» медалдарынын ээлерин, эмгектин ардагерлерин, Кара-Суу шаарын өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон алдынкы 25 аялдар чакырылып, жалпы суммасы 20000 сомдук баалуу белектер берилди.
Кара-Суу шаарында жашаган тургундарды, социалдык тейлөөдө турган жалгыз бой карыя жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарадарды, каттоодогу тоголок жетим балдар, турмуштун оор кырдаалына дуушар болгон үй-бүлөлөр менен иштөө, социалдык колдоо иштери жүргүзүлдү.
2016-жылдын февраль айында Кара-Суу шаарында тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча 3 айлык жарыяланып, бекитилген иш-чаралардын негизинде 20-мартында «Таза шаар үчүн деген» жаштар арасында акция өткөрүлдү. Акцияга шаардын аймагындагы 200 жаш муун катышышты. Акцияны өткөрүү үчүн Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан 25000 сом каражат бөлүп берди.
2016-жылдын 5-мартында шаарында өспүрүмдөр арасында мэрдин кубогуна волейбол боюнча, 1-майында жаштар арасында мини-футбол боюнча турнирлер өткөрүлдү. Мэрия тарабынан жалпысы 47000 сом каражат бөлүнүп берилди.
Кара-Суу шаарынын жашаган 1-2-3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды каттоого алынып, Школьная көчөсүнүн №6 үйүнүн 2-топ майыбы Саттаров Бахрамжанга (ID паспорту Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан алынып берилди.
Кара-Суу шаар мэриясы 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө аттракциондорго кирүү үчүн акысыз 60 (алтымыш) билет таратылды. Балдардын коомго жана көз карашынын өнүгүүсүнө сүрөт тартууга 20 000 (жыйырма миң) сомдук түстүү боeктор алынып берилди. Кара-Суу райондук маданият үйүндө өткөрүлгөн райондук фестивалга Кара-Суу шаарынын Ленин, Бабур жана Рахимов мектептеринин окуучулары катышышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Шаар мэриясы тарабынан маданият үйүнүн сахнасын жасалгалоо үчүн 5000 сом каражат жумшалды. Ошондой эле №2 «Мөлтур-Булак», №3 «Мээрим» жана №4 «Айданек» балдар бакчасына түстүү 3 сыналгы алынып берилди. Балдарды коргоо күнүнө карата жалпысынан 90 000 (токсон миң) сомдук акча каражаты жумшалды.
Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан жыл ичинде социалдык маанидеги даталуу күндөр боюнча маалыматтар:
Даталуу күндөргө 242 000 (эки жүз кырк эки миң) сом.
Материалдык жардамга 51000 сом бөлүнүп берилди.
2016-жылы 95 жаранга социалдык жеңилдиктер беренесинен дары дармеке 27500 сом, анын ичинен 6 баатыр энеге жол кире үчүн жалпысы 4320 сом, 7 экинчи топтун майыптарына тиш салу үчүн 9500 сом, 68 жаранга дары-дармек үчүн каражаттар берилди.
Жергиликтүү бюджеттен жалпы суммасы 332,0 миң сом акча каражаты жумшалды.
Кара-Суу шаарында жөлөк пул чегерүү боюнча маалыматы
1. 2016-жыл ичинде Кара-Суу шаары боюнча 69 үй-бүлөгө же 200 балага 1 жылга 1 млн 766,4 м.с. жөлөк пул чегерилди.
2. 2016-жылдын 12 айында (переходящий менен) 123 үй-бүлөгө же 373 балага (ар бир балага 810 сомдон) 3 млн 165 миң сом жөлөк пул чегерилди.
Социалдык жактан аз камсыз үй-бүлөлөр 2015-жылга салыштырмалуу көбөйүшүнүн себеби азыркы учурда шаардын тургундарынын жер үлүшүнүн жоктугу, жумушсуздук, 3-4- балалуу жалгыз бой энелердин санынын көбөйүшү себеп болууда. 2016-жылы бала бакчага жайгаштыруу боюнча 322 арыз келип түштү.
2016-2017-жылга окуу жылына карата 2016-жылдын март айынан 2016-жылдын 1-декабрына чейин жалпысы 480 арыз катталып, анын ичинен атайын комиссиянын отурумунда 210 баланы кабыл алуу жөнүндө комиссиянын чечими балдар бакчаларына берилди. Мэрияга турмуш шартынын начардыгына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө 17 арыз келип катталган жана арыз ээлерине жалпысы 50000 сом материалдык жардам көрсөтүлдү.
Аткаруучулук тартип боюнча
2016-жылы Шаар мэриясына жогорку органдардан келип түшкөн иш кагаздар мэриянын иш кагаздар менен иштөө регламентинин негизинде каттоого жана көзөмөлгө алынат. Кабыл алынган буйруктарга маанисине, мөөнөтүнө карата көзөмөлдөө папкасы толтурулат. Жогорку органдарга квартал сайын аткарылышы боюнча маалыматтар берилет.
Кабыл алынган чечимдер боюнча, алардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар даярдалып, шаар мэриясынын аппараттык жыйындарда жана мэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиянын отурумдарында каралат.
Кара-Суу шаар мэриясы, Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, протоколдук тапшырмаларын, чечимдерин турмушка ашырууну камсыз кылууда жана жараандардын кайрылууларын кароодо бир топ иштерди жүргүздү.
2016-жылдын 31-апрелинде «Кара-Суу шаарынын 2015-жылда социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн программасынын аткарылышы жана 2016-жылга милдеттер жөнүндө» Кара-Суу шаарынын II элдик курултайы болуп өтүп, жыйында айтылган суроолор, сунуштардын негизинде иш-чара иштелип чыгып, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.И.Матраимов тарабынан бекитилип, аткарууга алынды.
Шаар мэриясында түзүлгөн графиктин негизинде ар бир кварталдык комитеттерде элдик жыйындар болуп өттү, улуттар аралык ынтымак, диний-экстремизм, аймакта кездешкен көйгөйлөр, айтылган сунуштардын негизинде иш-чаралар иштелип чыгып, аткаруу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Кара-Суу шаар мэриясы, Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, протоколдук тапшырмаларын, чечимдерин турмушка ашырууну камсыз кылууда жана жараандардын кайрылууларын кароодо бир топ иштерди жүргүздү.
Кара-Суу шаар мэриясына 2016-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 445 иш-кагаздар келип түшкөн. Анын ичинен Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан 60-буйругу, 14-токтому, 109-иш-кагаздары, шаардык мекеме уюмдардан келип түшкөн иш кагаздары 58, башка мамлекеттик, райондук мекемелерден түшкөн иш-кагаздар – 204. Бардыгы жетекчиликке жана аткарууга алынып тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кара-Суу шаар мэриясына 2016-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 539-арыз даттануу катталган. Баардык арыздарга өз мөөнөтүндө жооп берилген.
Арыздардын мазмуну: социалдык жактан аз камсыз болгондорго женилдик берүү, балдар бакчага кабыл алуу жана материалдык жактан жардам көрсөтүү-356, жер маселелери – 38, ар түрдүү маселелер –145. Шаар мэриясына келип түшкөн арыздар өз мөөнөтүндө каралып, арыз ээлерине жооптор берилүүдө.
Кара-Суу шаарынын мэрине 31-декабрына чейин ооз эки кайрылгандардын саны 83, кайрылгандардын маселеси ордунда чечилип, же болбосо тиешелүү кызматтарга тапшырма берилип арыз ээлерине жооп берилип жатат.
Кара-Суу шаар мэриясынын 2016-жылдын январь айынан тартып 31-декабрына чейин кабыл алган 23 – токтом, 339 – буйруктары, протоколдук тапшырмалары шаар мэриясынын адистери тарабынан аткарууга жана жетекчиликке алынган.
Шаар мэриясына жогорку органдардан келип түшкөн иш кагаздар мэриянын иш кагаздар менен иштөө регламентинин негизинде каттоого жана көзөмөлгө алынат. Кабыл алынган буйруктарга маанисине, мөөнөтүнө карата көзөмөлдөө папкасы толтурулат. Жогорку органдарга квартал сайын аткарылышы боюнча маалыматтар берилет.
Кабыл алынган чечимдер боюнча, алардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар даярдалып, шаар мэриясынын аппараттык жыйындарда жана мэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиянын отурумдарында каралат.
2016-жылы 26 кеңейтилген аппараттык жыйын, 13 социалдык маселелер боюнча комиссиянын отуруму өткөрүлгөн.
Кара-Суу шаар мэриясынын коомдук кабылдамасы жана ишеним телефону жөнүндө 2016-жылдын 16-февралында №24-б буйругу кабыл алынган. Жарандар негизинен жер маселеси, балдар бакчага кабыл алуу боюнча кайрылышат.
Мэр | З. Тургунбаев |