Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы (VI чакырылыш )
2017-жылдын 2-марты №16/11
Кара-Суу шаар мэриясынын 2017-жылдан 28-февралындагы чыгыш №207 катынын негизинде Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин бир нече жолку депутаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер, эмгек ардагери Батырали Сыдыковду Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багына эстелигин жана аллея курууга уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багына Б.Сыдыковдун эстелигин жана аллея курууга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Батырали Сыдыковдун үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыёдоо, кеёештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
Р.Х.Хатамов |