Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы (VI чакырылыш )
2017-жылдын 2-марты №16/13
Кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Кара-Суу шаарынын вице-мери Ш.Осмоналиевдин Кара-Суу шаарында кылмыштуулукту алдын алуу жана түшүндүрүү иштери боюнча түзүлгөн биргелешкен план жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарында кылмыштуулукту алдын алуу жана түшүндүрүү иштери боюнча 2016-жыл ичи аткарылган биргелешкен планы бекитилсин.
2. Кара-Суу шаарында кылмыштуулукту алдын алуу жана түшүндүрүү иштери боюнча түзүлгөн биргелешкен планынын негизинде аткарылган төмөнкү иштер эске алынсын:
- Кара-Суу шаарында наркомания боюнча түшүндүрүү иштери;
- Диний экстремизм боюнча;
- Кара-Суу шаарындагы мектептердеги рекетчилик, мектеп окуучулары арасындагы башаламандыкты жоюу;
- Кара-Суу шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылымыштулукту алдын алуу.
3. Кара-Суу шаарында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо иштери боюнча биргелешкен план (иш-чара) 2017-2018-жылдарга карата түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара - Суу шаардык кенешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага | Р.Х.Хатамов |