Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXVII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 11-апрели №170
Күн тартибиндеги Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу башкы планда көп кабатуу үй курууга калтырылган Куршаб айылындагы 1,2 га.жер тилкесине көп кабаттуу үй куруу туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Калбаевдин маалыматын угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз ХХVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршабайыл өкмөтүнө караштуу Куршаб айылынын башкы планында көрсөтүлгөн 1,2 га.жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жана көп кабаттуу үй курууга мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешеси бар райондук,областтык кызматтардын корутундуларынын негизинде керектүү иш кагаздарын даярдап бүтүрүү жана уюштуруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер,мелиорация,турак жай, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргообоюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|