Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXVII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 11-апрели №171
Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарынын айыл аймагына жаңы мал базар ачуу жөнүндөгү арызын жана Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Калбаевдин маалыматын угуп, карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз XXVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб, Кызыл-Октябрь, Кароол, Жалпак-Таш,Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларынан оозеки, жазуу түрүндө түшкөн кайрылуу-арыздарынын жана Куршаб айыл өкмөт башчысы Ж. Калбаевдин берген маалыматынын негизинде, ошондой эле азыркы иштеп жаткан мал базар Ош-Бишкек негизги мамлекеттик жолдун боюна жакын жайгашып калгандыктан мал базар күндөрү жүргүнчүлөргө жана транспорт кыймылына көп тоскоолдук туудуруда.Ошондуктан Куршаб совхозунун мурунку дан тазалоочу кырманы, азыркы жеке ишкер Мурзалиев Токтоматтын менчигиндеги 3,4 га.жер аянтына ээсинин макулдугу менен жаңы мал базарын ачууга руксат берилсин.
2. Мыйзам чегинде жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешеси бар райондук,областтык кызматтардын корутундуларынын негизинде керектуу иш кагаздарын даярдап бутуруу жана уюштуруу жагы Куршаб айыл өкмөтунун башчысы Ж.Н.Калбаевке милдеттендирилсин.
3. Мал базарды санитардык эпидемиологиялык жана ветеринардык фитосанитардык талаптарына ылайык иштетүү жана базардын айлана-чөйрөсүн таза,жакшы абалда кармоо жагы жеке ишкер МурзалиевТоктоматка милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагыайылдыккенештин мыйзамдуулук,укук,тартипти чындоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуукомиссиясына жүктөлсүн .
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|