Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXVII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 11-апрели №172
Күн тартибиндеги Куршаб айыл өкмөтүнүн балансында турган 2005 жылы өндүрүштөн чыгарылган ВАЗ 2107 маркасындагы кызматтык женил автоунаасы Өзгөн Нуру газетасына 2016 жылдын 8 мартында №7-8 санында сатыкка коюу боюнча кулактандыруу жарыяланганына карабастан автоунааны сатып алуу үчүн эч ким келбегендигине байланыштуу Куршаб айыл өкмөтүнүн балансынан «Куршаб Арзибек» СПАнын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Ж.Калбаевдин айылдык Кеңешке берген маалыматын угуп, талкуулап Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз XXVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Куршаб айыл өкмөтүнүн балансында турган 2005 жылы өндүрүштөн чыгарылган ВАЗ 2107 маркасындагы кызматтык женил автоунаасы Куршаб айыл өкмөтүнүн балансынан «Куршаб- Арзибек» СПАнын балансына мыйзамдуулугун карап макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Калбаев Жуманазарга жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагыайылдыккенештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо жана социалдык маселелер боюнчатуруктуукомиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|