Редакцияот 11.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXVII сессиясы (V чакырылыш)

 

2016-жылдын 11-апрели №173

Куршаб айылына «Шаар» статусун ыйгаруу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги Куршаб айыл өкмөтүнүн ардагерлер, аялдар кенешинин жалпы жыйындарынын протоколдорунун жана жер-жерлерде өткөрүлгөн элдик жыйындардагы кайрылуулардын негизинде Куршаб айылына «Шаар» статусун ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесине ылайык Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз XXVII отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Куршаб айылынын экономикалык социалдык тараптан өсүп өнүгүүсүн жана айыл тургундарынын кайрылуусун эске алып Куршаб айылына «Шаар» статусун ыйгаруу жагы мыйзам чегинде тиешелүү жогорку органдардан суралсын.

2. Куршаб айылына «Шаар» статусун берүүгө керектүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап бүтүрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чындоо жана социалдык маселелер боюнча комиссиясына боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Ахунов Т.Х.